Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Ходорковский Лондонду Москванын тилине кирбөөгө үндөдү


Михаил Ходорковский

Михаил Ходорковский

Лондондо чыгуучу "The Observer" гезити 19-сентябрда Михаил Ходорковскийдин макаласын басты. Макала Британияны Орусия менен толук кандуу өнөктөштүккө барбоого үндөйт.

Ходорковский "Москванын тилине кирбе" деген шаанидеги ачык каты менен Лондонго кайрылуу жасады. "Орусиялыктарга Дэвид Кэмерон бир эле экономикалык жактан пайдалуу кызматташтык үчүн эмес, жарандар эркиндиги жана адам укугу боюнча сунуштар киргизет деп ишенем" деп жазат ЮКОСтун мурдагы жетекчиси.

Көз карандысыз саясий талдоочу Дмитрий Орешкиндин айтымында, өлкөнү жаңылантуу үчүн демократия керек, аны Чыгыш жактырабы же Батыш жактырабы кеп анда эмес, ал Орусиянын өзү үчүн керек.

"The Observer" ырас деп тапкан жүйөөдө:

"Каттын негизинде чындык жатат. Кремль кыйкымчыл бийлиги мыйзам артыкчылыгын, анын кол тийгис ыйыктыгын эске албайт. Мамлекеттин ички турмушунда мындай жагдай жеке адилетсиздикке алып келет. Ал эми глобалдуу деңгээлде стратегиялык коркунуч туудурат" деп айтылат.

Октябрь ичинде Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг иш сапары менен Москвага келери күтүлөт. Ошого байланыштуу Лейбористтер партиясынын мүчөсү Крис Брайант "Орусияга калганда кайрадан алаканы жакшыртуу багытында бийликтеги партия Путин эмне айтпасын баш ийкеп, макул боло беришет деп ойлойм" дейт.

Ошол эле учурда Михаил Ходорковскийдин кебин азыркы бийлик угары арсар. Себеби көп орусиялыктар ошончо эле кеби жерде калбас барктуу инсан көрүшпөйт. «Ходорковский – Солженицын эмес деп айтышат» - деп жазат басылма.

Ходорковский 2005-жылы салык төлөөдөн качкан, көз боемочулукка барган деген айыптар менен түрмөгө кесилген. Ошондон бери абакта.

Орусия энергетика коопсуздугу корунун жетекчиси Константин Симоновдун байкашынча, британ лидерлери Ходорковскийдин тилине киргенден майнап чыкпайт:

"Каттын өзү анча деле көп кишини ойлонтуп жибербейт, бирок сынга биздин жетекчилер тырчымасы бар экенин жакшы билебиз".
XS
SM
MD
LG