Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Орусиянын бир катар шаарларында 1-майга арналган акциялар өттү


Москвадагы демонстрация, 2010-жылдын 1-майы.
Москвадагы демонстрация, 2010-жылдын 1-майы.

Бүгүн адаттагыдай эле Орусияда 1-майга арналган митингдер менен демонстрациялар өттү. Маселен, Владивостоктогу митинг «Ыраатуу эмгек – берекелүү маяна!» деген ураан астында өтсө, Москвада беш демонстрация жана үч жөө жүрүш болду.

Ордо калаа милиция башкармасы маалымдагандай аларга баш-аягы 40 миңге чукул киши катышкан. Оппозиция менен адам укугун коргоочулар ошондой эле экологдор ураандары: «Лужковсуз – Москва!», «Громовсуз – Москва обулусу!», «Аймактар жетекчилерин шайлоону кайра калыбына келтирүү!» болгон.

Анализчилер баамында, 2005-жылдан бери мындай көп партия, уюм, кыймылдарга бир эле кезде алардын жыйын өткөрүп, көчөгө чыгуусуна бийлик уруксат берип көргөн эмес. Кызык жери бул жолу Биринчи майды белгилөөгө Кремлди аркалаган жааттан тартып оппозиция, ал тургай, ашынган көз караштагы кыймыл жаатына дейре уруксат берилген.

Владивостокто биринчи майды тосууда “Кризисти бизге төлөтпөгүлө!”, “Жакырчылыкка дуушар кылган турак-жай акыга орун жок” чакырыктары көтөрүлгөн.

Алтай крайында өткөн демонстрация туурасында “Азаттыктын” кабарчысы Олег Купчинский билдирет:

- “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жеке бийлик жүргүзүүсүн жоюуну карай бет алган багытты акцияга чогулгандар колдой тургандыгын билдришти.

“Интерфакс” билдригенге караганда, митингдер менен көчө жүрүш 13 админстративдик борбордо жана 96 шаарда өттү. Эң көп эл чогулган шаар Прокопьевск болгон (ага 30 миң тургун катышкан), Омск (20 миң), Кемерово (15миң), Кисловск (15миң), Новосибирск (13миң) киши чогулткан. Андан ары Томск, Чита, Улан-Удэ, Красноярск жана башка шаарлар эсепке алынган. Митингдерди федералдык профсоюз уюштурганы дайын болду.

Москвада милиция башкармасы билдиргендей, дээрлик саясий күчтөрдөн 50миңге чукул киши 14 митингге катышты. “Бирдиктүү Орусия”, “Адилет Орусия”, КПРФ, ЛДПР, ошондой эле “Яблоко”, Либерал-демократиялык пратия, Оңчулдар күчү союзу, “Эмгекчил Орусия”, “Башка Орусия”, “Тилектештик”, ДПНИ жана башка партия, кыймылдар катышты. Алдар таштаган чакырыктар ар башка болгон.

Маселен “Бирдиктүү Орусия”: “Медведев, Путин! Орусия – алга!” урааны менен чыкса, “Башка Орусия” көтөргөн чакырык: “Путинсиз – Орусия!” болгон. Ал эми (ДПНИ) мыйзамсыз мигрантарга каршы кыймыл чакырыгы: “Орусия орустар үчүн!” болгон.

Санкт-Петербургдан “Азаттыктын” кабарчысы Татьяна Вольская жиберген репортажда, оппозиция урааны кескин шааниде болгондуктан милиция алардын жүрүшкө чыгышына уруксат бербей койгон. Ошол себептен алар чогулган жеринде митинг өткөрүп атканынан баян этет:

- Мен азыр “Путин менен анын өнөктөштөрү – жалаң кризис!”, “Матвиенко эч нерсе жасаган жок – эч нерсе жасай алган жок” - деген чакырыктарды көрүп трурам.

Агенттиктер биринчи майды белгилген бардык жерлерде милиция жана ОМОН кызматкерлери болуп көрбөгөндөй санда болушканын белгилешти.

XS
SM
MD
LG