Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Орусия: Медведевдин интервьюсу - реформанын жышааныбы?


Орусия президенти бул аптада оппозициячыл гезитке интервью берүү менен катар адам укугун коргоочу активисттер менен жолукту.
Орусия президенти бул аптада оппозициячыл гезитке интервью берүү менен катар адам укугун коргоочу активисттер менен жолукту.

Орусияда өлкөдөгү авторитардык системаны өзгөртүүгө чакырган белгилүү инсандардын саны көбөйүүдө. Ошол эле учурда өлкө экономикасы азыркы кризистин запкысын тартып жатат. Мына ушундай шартта орус президенти Дмитрий Медведев интеллигенциянын либералдуу канатына жүзүн бурду. Бул Кремл чын эле реформаны көздөгөнүнүн жышааныбы?

Соңку күндөрү орус президенти Дмитрий Медведевдин Кремлдин саясатын кескин сынга алып келген оппозициячыл гезитке интервью берүүсү жана адам укугун коргоочу активисттер менен жолугушуусу экономика менен саясаттагы белгисиздик күчөгөн шартта интеллигенциянын либералдык канатына көңүл буруу аракети өңдөнөт.

Медведевдин акыркы он жылда төрт кабарчысы атып өлтүрүлгөн жана иликтөөчү журналистикага адистешкен “Новая газетадагы” интервьюсу ал Жарандык коом жана адам укуктары боюнча жаңы түзүлгөн кеңештин алгачкы отурумун өткөрөр алдында жарыяланды. Интервьюда орус президенти саясаттын багытында кандайдыр бир жаңы бурулуш болорун деле айткан жок. Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, президенттин оппозициячыл гезитке интервью бергенинин өзү эле, анын айткандарынан маанилүү. Москвалык талдоочу Александр Кунев “Азаттык” үналгысынын орус кызматындагы маегинде мунун себептерин төмөнкүчө түшүндөрдү:

- Мен фактынын өзүнө - интервьюнун пайда болгонуна көңүл бурар элем. Бул окуядагы символикалуу нерсе – интервью үчүн кайсыл басылманын тандалып алынганы жана текст кыйла ыкыластуу чыкканы. Эң башкысы ушунда, калгандары экинчи пландагы маселелер. Анткени интервьюнун өзүндө символикалуу билдирүүлөр жок.

“Новая газетанын” баш редактору Дмитрий Муратов менен маектешүү – Дмитрий Медведевдин ал мамлекет башчылыгына келгенден бери орусиялык басылмаларга берген биринчи интервьюсу болду. Маектешүүнүн жүрүшүндө Медведев демократияны жактап, “стабилдүү жана бакыбат жашоону саясий укуктар менен эркиндикке, демократияны токчулукка эч качан каршы коюуга” болбой турганын белгиледи. “Демократия жашаган, жашоодо жана жашайт”,- деп айтты.

Орусия Думасынын мурдагы депутаты, оппозициячыл маанайдагы саясатчы Владимир Рыжков Медведев өз интервьюсунда “суроолордон четтеп кеткен жана эч кандай убада берген эмес” деп эсептейт. Рыжковдун пикиринде, “Новая газета” президент оолактай баштаганда, ага каталыраак суроолорду берип, жарга такоосу керек эле:

Владимир Рыжков
- Демократия темасын өнүктүрүү, Медведевдин айткандары менен реалдуулуктун ортосундагы ажырым канчалык чоң экендигин көргөзүү керек болуучу. Өлкөдө эркин шайлоо, көп партиялуулук талкаланган болсо, кантип демократия тууралуу сөз кылуу мүмкүн. Теледе сөз эркиндиги жок.

Сыналгыда жок сөз эркиндигинин даамын орусиялык көрүүчүлөр бир аз болсо да ушул шаршембиде таткандай болушту. Бул күнү Медведев Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү менен кездешкен эле. Алардын айрымдары президентке 2006-жылы Путиндин тушунда кабыл алынган мыйзам боюнча катаал суроолорду жолдошту.

Ал мыйзамдын талаптарына ылайык, бейөкмөт уюмдар мамлекеттик каттодон өткөндөн тышкары, алардын каражаттары да кылдат иликтөөгө алынат. Кремлдеги расмий өкүлдөр мунун жүйөөсүн чет элдик чалгын кызматтары Орусиядагы саясий ишмердикти каржылоосун алдын алуу деп түшүндүршкөн. Жолугушууда президент алдындагы кеңештин төрайымы Элла Панфилова бейөкмөт уюмдар менен адам укугун коргоочуларды кысмактоону токтотуу зарылдыгын айтты:

- Биздин күч структураларга, анын ичинде коопсуздук кызматтарына кайрылып кетким келет. Адам укугун коргоочулардан, абдан эле аз сандагы, кээде маргиналдашып кеткен оппозициядан желмогузду издеп, аңчылык кылган даңазалуу жана примитивдүү тажрыйбаны токтотуу керек. Тескерисинче аракеттерди адам укугун коргоочулар абдан мыкты өнөктөш боло ала турган маселелерге буруу зарыл.

Өз тарабынан болсо Дмитрий Медведев адам укугун коргоочу активисттерди мактады, 2006-жылкы мыйзам “идеалдуу эмес” экендигине токтолуп, келечекте балким мыйзамга кандайдыр бир өгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгиледи.

Соңку айларда Орусиядагы таанымал интеллектуалдардын бир нечеси экономикалык кризистен улам Путиндин тушунда калыптанган жана азыр Медведев да сактап келе жаткан “суверендүү демократиянын” борборлоштурулган жана авторитардык системасын реформалоо зарылдыгын айтып чыкан эле.

Өкмөттүн вице-премьер-министри Игорь Шувалов болсо Орусиянын чийки заттарга көз каранды экономикасын “децентрализациялоого жана диверсификациялоого” чакырган. Бирок азыр деле Орусиядагы бийликтин чыныгы ээси деп эсептелген премьер-министр Путиндин айланасындагы мурдагы КГБнын ардагерлери мындай сунуштарга катуу каршылык көргөзүштү. Ошентсе да көптөрдө Медведев реформага барабы деген үмүт бар. Анткен менен совет доорунда таанымал болгон диссидент Владимир Буковски кандайдыр бир реформалар жүрөрүнө ишенбейт:

Владимир Буковски
- Дегеле Медведевдин Путин менен оюндагы ролу үлгүлүү фигура болуу. Азыр бул жерде Медведев либералдык реформаларды жактайт, Путин болсо андай эмес деп айтып жатышкан адистер пайда болду. Бул саясатчылар, коомдук пикир менен ойноонун ыкмасы. Азыр баары Медведевге үмүттөнүшөт. Эгер бир нерсе оңунан чыкпаса, Путиндин күнөөсү дешет, эгер жакшыраак бир нерсе жасалса, Медведев упай алат. Бул - баарыбыздын көкөйүбүзгө көк таштай тийген эски оюн мен муну 40 жылдан бери байкап келе жатам жана андан чарчап бүттүм.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG