Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Набыт болгон кенчилердин үй-бүлөсүн милиция кайтарууда


Междуреченск шаарындагы кенчилердин митинги.
Междуреченск шаарындагы кенчилердин митинги.

Междуреченск шаарында набыт болгон кенчилердин үй-бүлөсүн милиция кайтарууда. Буга “Распадская” кенинин жетекчилиги менен бийлик төлөгөн жөлөк пулду кылмышкерлер күч менен тартып алуу коркунучу себеп болгон.

Кемеров облусундагы “Распадская” шахтысында кенчилерди издөө иштери уланууда. 24-майда дагы бир кенчинин сөөгү табылды. Ошону менен 9-майда болгон жарылуудан 67 киши набыт болуп, дайынсыз жоголгондордун эсеби 23 кишиге жетет.

Кенчилердин үй-бүлөсүн коргоо чарасы облус акими Аман Түлеев тарабынан көрүлүп атат. Кимдир бирөө акча алган үй-бүлөдөн жөлөк пулун тартып алууга аракет жасаган. Бул тууралуу А.Түлеевдин интернет сайтында Галина аттуу айым даттанган. Ошондон кийин акча алган үй-бүлөлөрдү кайтаруу үчүн милиция кызматкерлери тартылган. Бул туурасында Междуреченск шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкери Ольга Илюхина айтты:

- 20-майдан тартып ошондой буйрук бар. Ар бир жөлөк пул алган үй-бүлө үчүн бирден милиция кызматкери бекитилген.

Ошол эле учурда бул жаңжалды жергиликтүү бийлик ойлоп тапкан деген да кеп таркоодо. Себеби жергиликтүү милиция башкармасы сыңары Орусия башкы прокуратурасы иликтөө жүргүзүп, катты ким жазганын таба алган эмес.

14-майда алтымышка жакын кенчинин сөөгү жерге берилгенден кийин Междуреченск шаарында үч жүздөй жумушчу митингге чыккан. Кенчилер иш үчүн жакшы шарт түзүп берүүнү талап кылышкан. Митинг аяктагандан соң, 15-майга караган түнү ошол эле шаар тургундары темир жолду буушкан. Аларды милициянын атайын күчтөрү таратып, 28 кишини кармаган. Кийин алар коомчулуктун кийилигишүүсү менен бошотулган.

“Распадская” кениндеги жарылуу тууралуу жалпы коомчулук уккан эмес. Майрам күндөрү мамлекеттик сыналгыдан айттырылган эмес. Интернет аркылуу гана таркаган. Арадан бир апта өткөндө премьер-министр В.Путин сыналгы аркылуу кендин жетекчилери менен байланышка чыккан. Бир жетекчи кызматтан кетип, “Распадская” кенинде набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул берүү иштери тездетилген. Комиссияны тейлеген Андрей Малахов буларды айтат:

- Өлгөндөрдүн бүлөсүнүн ар бирине облустук казынадан жүз миң рубль жөлөк пул төлөндү.

Орусиялык кенчилер профсоюзунун кызматкери Александр Сергеевдин баасында кенчилердин кожоюндары алардын коопсуздугу үчүн аз каражат жумшайт:

- Менчик ээлери эмгектик жана каражаттык мамилеге келгенде өздөрү билгендей жасайт. Бул жагдайды башка жолго салууга бир гана мамлекет жөндөмдүү.

Ал эми ар бир жесирдин эшигине бирден милиция кызматкерин коюу көрүнүшүн адвокат Игорь Трунов “өлкөдө социалдык башаламандык болбосун деп бийлик ойлоп тапкан иш” деп баалады.

XS
SM
MD
LG