Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:21

11-апрелде Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде Москва жана Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана элчи Райымкул Аттокуров катышкан талкуу өттү. Анда жалпысынан Орусиядагы кыргыз мигранттардын социалдык абалы талкууга алынды.

Талкууга болжол менен жүздөн ашуун киши катышты. Негизинен Москвадагы диаспоранын мүчөлөрү чакырылган талкууга Санкт-Петербургдан келген коноктор да активдүү катышты.

Адегенде акын Бактыгүл Сейитбекованын Бишкекте жарык көргөн китептеринин бет ачаары болду. Китепке баш сөз жазган Эрнист Турсунов менен айтылуу семетейчи Сейдене дареметтерине, кыргыздын туңгуч классик акыны Токтогулдун ысымына алкоолор айтылды.

Талкууну «Ала-Тоо» уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева ачып, ал мигранттар арасында бойго жеткен кыздардын бала төрөп, бирок аны таштап кетүү көрүнүшү жайылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Кийинки үч жыл ичинде эле Москвада иштеген кыргыз кыз-келиндер таштаган ымыркайлардын саны алтымышка жеткен. Азыр алар балдар үйлөрүндө тарбияланып жатканы белгиленди. Ташталган балдардын отуз жетисин да америкалык жарандар багып алганы дайын болду. Жамиля Бегиева буларды кошумчалады:

- Америкалыктардан башка славяндар бул балдарды бага албайт, себеби багып алган киши баланын өзүнө окшош болушун каалайт. Алар диаспорадан жардам сурашты. Ошол себептен сиздер менен кеңешели дедик. Азыр арабызда отурган, көп жылдан бери бул жерде төрөт үйүндө иштеп келаткан эже Жылдыз Назарматованы, гинекологдор Айшар Мавлянкулова менен Пазилатты чакырдык. Бул маселе абдан олуттуу. Бул балдар эмне себептен ташталууда? Борбор Азия боюнча алганда Тажикстан менен Өзбекстандан алардын бойго жеткен кыздары бул жакка келбейт. Бизде болсо мектепти жаңы бүткөн татынакай кыздарыбыз Москвага келип, ар кандай жагдайга туш келип, бирөөгө алданып, же зордуктоонун курмандыгы болуп калат. Ошон үчүн андай жагдайды башынан өткөргөн кыздарга кандай жардам бере алабыз, кеңешели деп сиздерди чакырдык.

Талкууга катышкандардын арасынан кимдир бирөө муну кыргыз өкмөтү чечиш керек деген талап койду:

- Менин сунушум мындай: биздин өкмөткө кайрылып, жаш кыздарды, эркек балдарды эмес, кыздарды бул жакка жибербесин деп айтса болот.

Бирок бул пикирди “Баш мыйзамга каршы келет” деп ошол заматта четке кагышты.

Москвада өткөн жыйынга Пазылат Насипова да катышты. Эскерте кетсек, анын кызы Назикти өткөн жылы 29-январда Москвада такырбаштар бычактап кетишкен, Назик болсо аман калган.

“Азаттык”: Өткөн жылы кырсыкка учураган кызыңыздын абалы кандай?

Пазылат Насипова: Назик Бишкекте окуп атат. Жакшы болуп калды. Бул жакка экинчи келбейт. Бул жакта окубайм дейт. Кызымдын жанындагы баланы өлтүргөндөр кармалды. Мен сотуна бардым. Беш бала экен. Алар жыйырма баланы өлтүрүшүптүр. Ар бирин он жылга кесишти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров талкууда көтөрүлгөн демилге эске алынарын белгилеп, диаспорадан түшкөн сунушту кыргыз бийлигине билдире тургандыгын айтты:

- Буга дейре кайсы бир шаардан кыргыз баланы багып алат элек, уруксат бергиле деп кайрылышкан. Көрсө, биздин мыйзам арибине ылайык, баланы Кыргызстанга жеткирип, ошол жерден документтерди тактап, анан кайра алып келиш керек экен. Биз өзүбүз тараптан жана силердин колдооңор менен бирдикте кайрылуу даярдап атабыз. Этникалык кыргыз багып ала турган болсо, анда ага ушул жерден эле документтерди тактап берсе деген мааниде.

Ал арада залда отургандардын ичинен узун бойлуу жигит кайтыш болгон таанышынын сөөгүн эки күндөн бери Бишекке жөнөтүү үчүн Москвада 50 миң рубль сурап атканын айтып, бирок элчиликтен кеңеш берчү киши табылбасын айтты:

- Бизге жардам керек деп, элчиликке кайрылсак биз эч нерсени чечпейбиз дейт.

Бирок отургандар алардын кебин бузуп салышты. Алар Москвага 8 күн мурда келген жигиттер экен. Аттокуров “200-жүктү” жөнөтүү 15 миң рубль менен ишке ашарын түшүндүрдү.

Талкуунун жүрүшүндө “Азаттык” үналгысы Санкт-Петербургдан келген Өктөм Мамаеваны кепке тартты:

Өктөм Мамаева: Бүгүнкү күндө Санкт-Петербургда 3 миңден ашуун кыргыз бар. Күнүгө келип кеткендер буга кошулбайт.

“Азаттык”: Сиз жетектеген уюм эмне деп аталат?

Өктөм Мамаева: 2002 -жылы Санкт-Петербургда «Кыргыз үйү» деген аталыштагы уюм ачканбыз. «Бирдиктүү Кыргызстан» деген уюмду Максат Жээнбеков кийин ачты. Биз жыл сайын Нооруз менен Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн майрамдайбыз.

“Азаттык”: Орусиянын ири шаарларында кыргыз мигранттарына кол салуулар болууда. Сиздерде жагдай кандай?

Өктөм Мамаева: Өткөн жылы Пушкино шаарында кыргыз баланы баңгилер өлтүрүп кеткен. Быйыл ошонун соту болуп атат. Кыргыз балдар шаарда жүрүү эрежелерин жакшы билишпейт, мыйзамды билбей көп окуяга дуушар болушууда. Мисалы, эки кишини трамвай уруп кетти, бирөө поездин алдында калды, дагы бирөө курулуштан кулап өлдү.

“Азаттык”: Питерде москвалык кыргыздардыкына окшобогон кандай демилгелер бар, айталы, келе жаткан шайлоо боюнча?

Өктөм Мамаева: Шайлоо боюнча айтсам, көп кыргыздар Орусиянын атуулдугун алып кетишти. Бул - өлкөбүз үчүн чоң жоготуу. Ишке жарамдуу 25-40 жаштардагы кишилерди тандап алып атат. Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан этникалык кыргыздар үчүн кош жарандуулук берүүнү мыйзам түрүндө коргош керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG