Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Француздардын “Mistral” кемесине зар Орусия


Франциянын "Mistral" аскерий кемеси Санк-Петербургдун ортосундагы Нева дарыясындагы докто токтоп турат. 23-ноябрь 2009

Франциянын "Mistral" аскерий кемеси Санк-Петербургдун ортосундагы Нева дарыясындагы докто токтоп турат. 23-ноябрь 2009

Орусиянын Батыштан алдыңкы аскерий техниканы, өзгөчө, Франциядан “Mistral” классындагы аскерий кемени сатып алуу ниети мурдагы советтик Балтия өлкөлөрүн жана Грузияны кыжаалатка салды.

Бирок, айрым талдоочулар Орусиядан бул өлкөлөргө түз аскерий коркунуч жок деп санашат. Береги экс-советтик өлкөлөрдүн тынчсыздануусу биринчи кезекте Россиянын 2008-жылкы Грузияга басып кирүүсүнө байланыштуу.

Бул жөнүндө талдоочулар эмне дейт?

Мистраль”-швецариялыктардын аскер макисиндей универсал

Серепчилердин байкашынча, Орусиянын өзгөчө француздардын “Мистрал” классындагы универсалдык десанттык кемесине болгон
Россиянын "Адмирал Чабаненко" кемеси Гавана портунда баратат. Куба. 19-декабрь 2008
кызыгуусу Грузияда жана Балтиянын пост-советтик үч өлкөсүндө чоң тынчсызданууну жаратты.

“Азаттыкка” берген интервьюсунда бул кеме көп тармактуу (фунционалдуу), деп түшүндүрөт швециялык адис Пол Холтом :

- Франциянын коргоо министрлигинин соода агенттиги “Mistral-class” кемесин “швейцариялыктардын аскерий макиси” деп сыпаттап, аны менен тикучарларды, жөө аскерлерди, талаа ооруканаларын, качкындарды ташуу мүмкүн экенине ишаара кылган.


Пол Холтом Стокголмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун курал жарактардын агымын изилдөө программасынын башчысы.

Кара деңиз флотуна тете “Мистрал”

“Mistral” классындагы кемеге 900гө чейин аскер, 35 тикучар, 4 катер, 70 автомашине же 40 танк батат.

Азыр Франциянын бул типтеги эки кемеси бар. Мындай кемелерди тынчтык жана маң аткезчилигине каршы иш-аракетте командалык-көзөмөлдөө борбору катары колдонуу өтө ыңгайлуу экени француздардын тажрыйбасынан белгилүү.

Орусиянын Севастополго кирип бараткан Кара деңиздеги кемелеринин ана башы "Москва" кемесин москвачыл украиналыктар тууларды булгап күтүп алышууда. Украина. Севастопол. 2008-жылдын 10-сентябры.
Орусия “Мистралды” аскерий максат үчүн колдонууга кызыкдар шекилдүү.

Анткени, Орусиянын аскер деңиз күчтөрүнүн командачысы, адмирал Владимир Высоцкий 2009-жылы сентябрда эгерде грузин согушу кезинде аларда “Мистрал” кемеси болсо, “Кара деңиз флоту 26 саатта бүткөргөн жумуш 40 мүнөттө аткарылмак” деп өкүнүч менен айткан.

Премьер-министр Путин былтыр ноябрда француз журналистинин “Мистрал” жөнүндөгү суроосуна: “Эгер биз мындай куралды сатып алсак, аны кайсы жерде зарыл болсо, ошол жерде пайдаланабыз” деп жооп берген.



Россия менен НАТО жарыша куралдануудан тажадыбы?


Эстония жана Латвия непада Орусияга таандык “Мистрал” кемеси Балтика деңизинде пайда болсо, “күчтөрдүн балансы бузулат” дешип, Франциядан кемени Орусияга сатпоону өтүнгөн жана Вашингтонду ырасмий Парижге таасир этүүгө да чакырган. Ырасмий Тбилиси да Москванын "Мистралга" кызыгуусуна тескери пикирин билдирген.

Грузиянын Тышкы иштер министри Григол Вашадзе ноябрда Париждеги Эл аралык изилдөөлөр институтуна берген интервьюда Россиянын Франциядан универсалдуу жана заманбап аскерий кемени сатып алуу аракети Тбилисини "катуу тынчсыздантып жатканын" айткан.

Берегидей пикирге лондондук талдоочу Жонатан Айел кошулбайт. Анын оюнча, “азыр не Орусия, не НАТО жарыша куралданууга кызыкдар эмес”. Ошол эле учурда, Айелдин сөзүнчө, Франциянын жана башка Батыш Европа өлкөлөрүнүн Орусияга курал сатуусуна Чыгыш европалыктардын каршылык көрсөтүүсү - НАТОдогу тилектештик тууралуу суроо жаратат:

- Азыр НАТОнун ичинде альянстын кеңейүүсү эмнени билгизээри жана бул ынтымакты жана анын мүчөлөрүнүн бүтүндүгүн коргоо боюнча олуттуу талкуу жүрүүдө.

Жонатан Айел - Лондондогу Эл аралык коопсуздукту изилдөө институнун мүдүрү.

“Мистрал” НАТОнун мүчөлөрүн эки жаатка бөлдү

Чындыгында, Балтиянын үч өлкөсү жана Польша түз эле Орусияны “НАТОго коркунуч туудурган өлкө” деп таанууга үндөшүүдө. Буга Франция менен Германия макул эмес.

Алар “Орусияга стратегиялык өнөктөш катары мамиле жасалыш керек жана Орусия акырындап Европага интеграцияланышы зарыл” деп санашат.

Америкалык талдоочу Олга Оликер Балтия өлкөлөрүнүн кооптонуусу “негиздүү, бирок реалдуу кырдаалды эске албайт” деген
Россия. "Балтия өлкөлөрү. Басып алуунун тарыхы" деген фильм сыналгыда.
ишенимде жана “Орусия эч качан НАТОнун жаңы мүчөлөрүнө каршы согуш ачпайт жана баскынчылыкка барбайт”, деп боолгойт:

- Орусия “Mistral-class” cыяктуу ар кандай жаңы техниканы сатып алуу менен аскерий кубатын арттырат.

Өлкө кубаттуу болсо, Балтика мамлекеттерине коркунуч туудурабы, бул башка маселе.
"Mistral-class” сыяктуу тикучарларды ташуучуну сатып алууга Балтика өлкөлөрүнүн ашыкча тынчсызданганы негизсиз деп айтаар элем.



Олга Оликер АКШнын RAND корпорациянын эл аралык саясат боюнча улук аналитиги.


Франция АКШлык сенаторлорду кантип жоошутту?

Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Вашингтонго кайрылуусунан көп майнап чыкпады.

Европанын RUSI коопсуздук программасынын жетекчиси Алистер Камерондун “Азаттыкка” айтышынча, АКШлык сенаторлордун тобу өткөн декабрда Вашингтондогу Франциянын элчисине Орусия дале Грузиянын жерлерин ээлеп турганын жана Европадагы кадыресе аскерий күчтөр боюнча келишимди аткарбаганын, ошондуктан Батыш Европага ишеничтүү өнөк боло албасын айтып кат жолдогон.

Андыктан, Орусия “Мистрал” сыяктуу
Перс булуңу. АКШнын аскерий учактардын алып жүрүүгө ылайыкталган атомдук реактордуу "Nimitz" классындагы Гарри Трумен атындагы кемеси жана коштоочу күзөтчү кеме. 6-январь, 2008-ж.
заманбап аскерий кемени сатып алса, Батыштын кызыкчылыгына зыян келтириши ыктымал, деп эскертишкен сенаторлор.

Катка жооп узатып, ырасмий Париж аскерий кемени сатуу НАТОнун коргонуу келишиминин 5-беренесине каршы келбейт жана АКШнын тынчсыздануусуна эч кандай жүйөө жок, деп билдирген.



Орусиянын айла кеткендеги амалы


Пол Холтомдун айтышынча, Орусиянын Батыш Европадан көп санда түрдүү куралдарды сатып алуусу өлкөнүн аскерий өнөр жайы учурдун талабынан артта калганын күбөлөйт:



- Менимче, Орусиянын аскер өнөр жайындагылар жогорку технологияны өркүндөтүүдө алар артта калганын түшүнүшөт. Аларда жакшы платформалар да бар. Бирок, электроника жана башка алдыңкы технологияга келгенде чет элдиктер Орусияда жасалган платформаларга орнотуу үчүн башка өндүрүшчүлөр жасаган алдыңкы аскерий жабдууларды издешет.


Орусия Батыштын жаңы аскерий техникасын өз куралдарына колдон келишинче айкалыштырып, алардын үлгүсүндө ошолорго окшош куралды жасаганга аракет кылышы да мүмкүн.

Себеп дегенде, адмирал Высоцкий былтыр орусиялыктарда “Мистралды” сатып алып, аны үч-төрт даана ушул типтеги кемелерди куруу үчүн пайдалануу ниети бар экенин айткан.
XS
SM
MD
LG