Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Орусия: мэрдин тагдыры таразада


27-сентябрда Москва шаарынын башчысы Юрий Лужков эс алуудан келип, кызматынан өз ыктыяры менен кетпей тургандыгын билдирди. Буга дейре Лужков отпускадан чыгары менен кызматын өткөрүп берет деген маалымат тараган. Андан мурда орусиялык бир нече мамлекеттик сыналгы каналдар мэрдин ишин сындаган берүүлөрдү көрсөтүшкөн.

Орусиянын ордо калаасында Лужков десе анын жубайы Батуринаны түшүнүп калган кезде шаар башчы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетет деген кеп таркаган. Юрий Лужков бир аптага Австрияда эс алып жатып, дүйшөмбү күнү ишке чыкты. Лужков журналисттерге “мен өз ыктыярым менен иштен кетпейм” деп билдирди.

Коомчулукта болсо 27-сентябрда мэр иштен алынат деп айтылып келген. Себеби президент Д.Медведевге чейин бийликте Владимир Путин турган кезде орноткон өйдөтөн ылдыйды карай жапырып башкаруу системада он жылдап иштеп келген аткаминерлерди алмаштыруу башталды. Азыркыга чейин 30 губернатор алмаштырылды. Арасында “ээрден түшпөс” аталган Э.Россель, М.Шаймиев, М.Рахимов жана башкалар бар.

Сентябрдын аягында мамлекеттик сыналгылар Москванын башчысын сындап, аны паракор кылып көрсөтүшкөн.

Бир караганга демейдеги окуя сыяктанган бул сын тез эле Лужков менен Кремл кожоюну ортосунда кармашка айланып, саясий тиреш жаралган. Шаар башчынын жубайы, миллиардер Е.Батурина кармаштын чыгышы 2012-жылы президенттик шайлоодо Медведев же Путин шайланат дегендер эринин артынан түшүп атат деп чечмелеген.

Шаар башчынын ордунан кетпей тырышканына серепчилер түрдүү баа беришүүдө. “Тилектештик” кыймылынын лидерлеринин бири Илья Яшин кармаш мындан да күчөйт дейт:

- Лужков моюн бербей дагы да тырышса анда бийлик аны иштен алуу үчүн катуу чара көрөт. Кылмыш ишин козгоп, камап же болбосо анын үй-бүлөсү менен четке качышы менен аяктайт.

Көз карандысыз саясатчы Леонид Радзиховскийдин байкашынча, ордо калаа башчысынын моюн толгоосу феодалдык кездеги “оюма келгенди жасайм” дегенге окшош.

- Андай болгондо - жеке эле Медведевдин саясий жеңилиши эмес, өйдөтөн ылдыйды карай башкаруу системасынын алкагындагы Медведев менен Путиндин экөө үчүн коркунучтуу өрнөк болуп калмак.

“Левада” борбору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 54 пайыз шаар тургуну Москванын мэрине ишенбей калганын ачыкташкан. 3 пайызы “такыр ишенбейм” деп жооп берген.

XS
SM
MD
LG