Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

6-июль күнү АКШ президенти Барак Обама Кремлде орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушат. АКШ президентинин Орусиядагы алгачкы сапары Вашингтон-Москва ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деп күтүлүүдө. Бул жолугушуунун натыйжаларынын геосаясатка берчү таасирлери жөнүндө Жогорку Кеңештеги СДПКнын фракция жетекчиси Бакыт Бешимов “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Бакыт мырза, АКШ президенти Барак Обаманын Москвага сапары Борбор Азия алкагында геосаясатка кандай таасир этиши мүмкүн деген суроо кызыктырып атат бизди?

- Азыркы учурда Американын жаңы администрациясы Барак Обама жетектеген Медведевдин бийлиги менен Евразияда болгон маселелер боюнча сүйлөшүп, ошону чечип алышы керек. Эки мамлекеттин башын ооруткан негизги маселелер эмне болуп атат? Биринчиден, Ооганстанда жана Пакистанда болгон абал, анан жалпы Евразиядагы конфликтик потенциалдын күчөп кетиши. Ошондуктан биргелешип ушул маселелерди кандай чечет деген суроо турат. Обама менен Медведев ушул маселеге кайрылат.

Андан тышкары жалпы Евразияда экономикалык байланыш жана шериктештик кандай болот? Анткени Обама КМШ мамлекеттерине карата, Евразияга карата өзүнүн стратегиясынын негизги багыттарын билдирди. Ошого карата Медведевдин көз карашы кандай болот экен. Бирок геосаясий абал эгерде эки мамлекет бекем сүйлөшүп алса, анан бир келишимге келсе өзгөрөт, өзгөргөндө дагы жакшы жагына өзгөрөт.

Анткени бул бир топ региондордо конфликтти басканга жол ачып берет, ошол эле Ооганстанда, ошол эле Борбордук Азияда. Борбордук Азияда, анан Кыргызстанда бизге эң пайдалуу болот эле, эгерде эки мамлекет биздин аймакты талашпай, бири-бирин түшүнүп, тең салмактуу иштешсе. Бизге улуттук кызыкчылыгыбызга эң керектүү ушул болуп атат.

- Бул жерде болжолдуу маалыматка караганда, стратегиялык куралданууну кыскартуу боюнча келишим даярдалып атат деп атат, ракетадан коргонуу программасын токтотуу жөнүндө сунуш айтылат деп атат. Ушул өңүттө, башка маселелер боюнча сиздер атаган Америка менен Орусия макулдашып, бир пикирге келишип, ымалалары келишсе, бул мамиленин жакшыруутунун өзү жоогазын ыңкылабы аркылуу белгилүү болгон Киев, Тбилиси, Бишкек кызыкчылыктары курмандыкка чалынып кетпейби деген суроо бар да. Сиз кандай дейсиз?

- Ошондой коркунуч турат. Эгерде Американын жаңы администрациясы геостратегиялык кызыкчылыгына демократиялык баалуулуктарды көз каранды кылып салса, ошондой сценарийге жол ачылышы мүмкүн. Бирок ал аябай өкүнүчтүү болот. Себеби мындан кийин дагы стабилдүүлүк бекем болбой, тескерисинче бузулат мындан ары дагы.

Ошон үчүн мен ишенем, азыр Американын жаңы администрациясы демократтар катары булар демократияны, эркиндикти, адам укуктары деген маселени биринчи планга коет деп ойлойм. Бирок аны биринчи планга коюш үчүн биринчи иретте Ооганстанда болуп аткан абалды жөндөш керек.

- Негизи эле Орусияга жамаатташ жайгашкан мамлекеттер, алардын ичинде Борбор Азия мамлекеттери АКШ президенти Барак Обаманы президент катары биринчи Орусияга жасап жаткан сапарынан кандайдыр бир үмүт этип атабы, кандайдыр бир үмүт байлап, бир нерсени күтүп аткан учурлар барбы?

- Албетте, эки тарап деле бир үмүттө турат. Эмне үчүн дегенде, буга дейре бир жылдан бери Америка менен Орусиянын ортосунда бир топ курч абал түзүлүп калды, анан тирешүү күчөп баратат, болгондо дагы бизге өтө катуу таасир этти. Мисалы, Орусия Борбордук Азияда толук контролдойм деген саясатты жүргүздү.

Ошол эле учурда Америка дагы өзүнүн саясатын салкындатып койду. Бул болсо администрация алмашып атканда ошондой болуп калды. Азыр кандай болот? Биздин улуттук кызыкчылыкка туура келет эле эгерде эки мамлекет бир тыянакка келишсе, Борбордук Азия боюнча биринчи ирет тынчтык, стабилдүүлүк болсун, экономикалык өнүгүү болсун деген идеяларды алдыга жылдырса, ошол туура болот.

- Маегиңизге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG