Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Отунбаеванын фонду чек арачыларга миңден ашуун китеп берди


Кыргызстандын чек арачы жоокери.
Кыргызстандын чек арачы жоокери.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Мамлекеттик чек ара кызматына 12 аталыштагы 1162 нускада китеп белек кылды.

Аталган фонддон кабарлашкандай, 23-февраль – Мекен коргоочуларынын күнүнө карата берилген китептердин жалпы баасы 218 000 сомду түзөт.

Арасында С.Жусуевдин «Тоо жаӊырткан чагылган», А.Токтомушевдин «Балдарга базарлык», «Кыргыздын кереметтүү жомоктору», А. Капалдын «Досторум конокко чакырат», Д.Кендирбаеванын «Ынтымак сыры», Маомаонун «Менин атам Дэн Сяопин», М.Гандинин «Өмүр таржымалым же чындыкка умтулуу жаатындагы баяным» жана башка китептер бар.

Китептердин баары аталган фонд тарабынан даярдалып жарык көргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG