Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Орусиянын бир катар шаарларында митингдер өтөт


20-мартта Орусиянын бир катар шаарларында бийликтин партиясына ишеним көрсөтпөө акциялары өтөт. Калининградда белгиленип жаткан митингге “Тилектештик”, “Адилеттик” кыймылдары, Коммунисттер, “Орус патриоттору” партиялары жана көз карандысыз депутаттар катышат.

Алдын-ала маалым болгондой Калининграддан тышкары митинг Москва, Красноярск, Саратов, Владивосток жана башка шаарларда өтмөкчү.

Москвада нааразылык акциясынын катышуучулары Пушкиндин аянтында митинг өткөрүүгө аракет жасашууда. Акцияны “Москва кеңеши”, “Адам укугу үчүн” кыймылдары жана Айдоочулар федерациясы чогулуп өткөрүшмөкчү.

Акция маалында “Лужковсуз Москва, Громовсуз Москва» өңдүү ураандар болоору айтылууда. Бирок шаар бийлиги митингдин уюштуруучуларына Пушкиндин аянты бош болбогонун айтып, анын ордуна Саз аянтын сунуш кылган.

Мындан тышкаары “Сол фронттун” жетекчилеринин бири Сергей Удальцов прокуратурага чакыртылып, ага кысым көрсөтүлгөн. Сергей Удальцов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Москва шаардык прокурору мыйзамды бузууга жол жок экендигин билдирген кагаз тапшырды. Болбосо митингдин уюштуруучуларынын бири катары жоопко тартылаарымды эскертишти.

Митингде ар башка максат жана талаптар болоору маалым. Санкт-Петербургда митингдин катышуучулары аябагандай бийик үй курулушуна, Ижев шаарында пенсионерлерге жол транспортунда берилген жеңилдиктердин алынып салынышына каршы, Тольятиде машине куруучу ВАЗдан жумушчуларды иштен бошотууга каршы болгонун билдирсе, Иркутск шаарында Байкал көлүн сактоо талабы коюлмакчы.

Талдоочулар мындай митингдердин аракети менен жаңы кыймыл жаралып жатканын айтышууда. Жалпы аракеттенүү институтунун адиси Карин Клемин буларды айтат:

- Орусияда адамдар өзгөрдү. Шаар тургундарынын көпчүлүгү көчөгө чыгып, өз укугун үчүн күрөшүүдө.

“Коммерсант” гезити жазганга караганда, өкмөткө нааразы болгондордун митинги Орусиянын 50 шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG