Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Москвадагы митингде 70тен ашуун кишин кармалды


Москвадагы митинг, 2010-жылдын 20-марты.
Москвадагы митинг, 2010-жылдын 20-марты.

20-мартта Орусиянын 50дөн ашуун шаарларында нааразылык акциялары өттү. Башка шаарларда митингдер тынч өткөнү менен Астрахан менен Москвада кишилерди кармоолор болду. Москвада өкмөт башчы менен шаар башчыга каршы үгүт айткан 70тен ашуун киши кармалды.

21-мартта «Солчулдар фронту» кыймылы таркаткан маалыматта дүйшөмбүдө алар Орусия прокуратурасынын алдындагы Иликтөө комитетине ошол кармоолор боюнча доо арыз жолдошору айтылат. Бүткүл орусиялык нааразылык күнү көчөгө эл баштап чыккан оппозиция жарандар эркиндигинин чектелип атышына, бийлик жүргүзүп аткан социалдык-экономикалык саясатка каршы ураандарды көтөрүп чыгышкан.

Бүгүн ордо калаада оппозиция чогулткан конференцияда Баш мыйзамдын 31-беренесин коргоо маселеси каралууда. Ал беренеде ким-кимдин ээн-эркин жашап, айтамын дегенин айтуу, аны мыйзамдын чегиндеги аракет менен, анын бири – көчөгө чыгуу, митинг үстүндө айта алуу укугу жазылган.

Бул туурасында конференцияга катышып аткан айтылуу адам укугун коргоочу Людмила Алексеева «Азаттыкка» билдирди:

-Бизде Баш мыйзам берген укук бар, экинчи укугубуз – мыйзамды бузбаган бардык айла-аракет менен өз укугубузду коргоо бар.

Алдыңкы күнү өткөн нааразылык митингдерде Путиндин иштен кетүүсүн талап кылуу, жер-жерлердиги атка минерлерди кызматан кетирүү чакырыктары өкүм сүргөн. Талап кылынган маселелер арасында бийлик партиясы «Бирдиктүү Орусияны» монополияга айланды деп ага нааразы болуу жана элге саясый эркиндикти алып берүү да талабы болгон.

Андай ураандар митингге миңдеген кишилер келген Владивосток, Иркутск, Санкт-Петербург жана Калининградда болгон.

«Путин – тажатып болдуң! Боос – тажатып болдуң!» деген бул айкырыктар Калининград шаарында капилеттен чогулган эл арасынан чыкты. Ал жерге чогулгандар миңден ашуун болгону айтылууда.

Ага жарыш губернатор Георгий Боос тогуз сыналгыдан эл менен түз байланышка чыгып, маалымдоо-жыйынын өзү баштап өткөргөн.
Кызык жери көчөгө капилетен пайда болушкан көпчүлүк колунда мандариндер болгон. Ошо жерликтүү элдин айтымында, калининграддыктар өз акимин мандарин деп коюшат экен. Ал жерге чогулгандар негизинен «Тилектештик» кыймыл жаатынан болушканы айтылууда. Алар колдорундагы мандариндерин жерге таштап, таманы менен былчыйта тепсеп, анан таркап кетишкен.

Ал жерде коюлган талаптар турак-жай акысынын кымбатташы, автотранспортко салыктын көбөйүшү жана Калининград обулусунан Орусиянын башка аймактарына виза алуу жолу менен каттап калууга каршы нааразылыктарды билдиришкен.

Ордо шаар милиция башкармасынын ырасмий өкүлү Виктор Бирюков билдиргенге караганда, бул күнү Москвада уруксаты жок көчөгө чыккан 70ден көп киши кармалган.

XS
SM
MD
LG