Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Орусия: Кремль дайындагысы, эл шайлагысы келет


Экономикалык кризис Орусиянын аймактарында элдин саясий талап менен чыга баштоосун шарттады.
Экономикалык кризис Орусиянын аймактарында элдин саясий талап менен чыга баштоосун шарттады.

Апта башында Орусиянын Сибирдеги Ханты-Мансийск автоном округунун депутаттары губернаторлукка Москва көргөзгөн талапкерди бир добуштан бекитти. Бирок ошол эле учурларда аймактардан губернаторду тикелей шайлоо тажрыйбасына кайтуу чакырыктары барган сайын катуурак айтылууда.

Мунай-газга бай Ханты-Мансийсктин губернаторлугуна 15-февралда бекитилген Наталья Комарова кызматына расмий түрдө 1-мартта киришет. Буга чейин бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынан Мамлекеттик думанын депутаты болгон Комаров парламентте табигый ресурстар боюнча комитетти башкарчу. Билермандардын айтымында, ал "Газпром" компаниясынын кызыкчылыгын коргой турган адам.

Күтүлбөгөн каршылык

Жергиликтүү думалар да "Бирдиктүү Орусия" партиясы тарабынан көзөмөлдөнгөндүктөн, акыркы жылдары губернаторду алмаштыруу ың-жыңсыз эле өтүп калганы менен Ханты-Мансийскке жаңы башчыны алып баруу, Кремль үчүн күтүүсүз окуя менен коштолду.

Аймактын узактан берки башчысы, калк арасында кадыры бар, жигердүү губернатор деп эсептелген Александр Филипенко алмаштырылары өткөн аптада белгилүү болгон соң жергиликтүү гезиттин редактору президент Дмитрий Медведевге ачык кат жолдосо, тургундардын тобу демонстрацияга чыгышты.

“Мурда Коммунисттик партия эле, эми "Бирдиктүү Орусия". Эмнени кааласа, ошону өстүрүп жатышат. Регионду, аймакты, адамдарды канааттандырган губернатор бар эле. Аны эми адамдардан сурабай эле бошотуп жатышат” деп ачууланды демонстрацияга келгендердин бири.

Эл кетиргиси келбеген Александр Филипенко
Айрым аналитиктердин пикиринде, Кремлде аймактарга сес көргөзгүдөй күч-кубат али жетиштүү. Бирок экономикадагы абалдын начарлоосу менен Орусиянын аймактарында нааразылык күчөөдө.

Москвадагы "Карнеги" борборунун аймактар боюнча талдоочусу Николай Петровдун көз-карашында Ханты-Мансийскте күтүлбөгөн каршылыктын көргөзүлүүсү Кремль аймактын мыкты чыкмаларын жана жергиликтүү калкты элге эмгеги сиңген губернатор алмаштырыларына күн мурунтан даярдай албагандыгында жана ушуга окшогон көрүнүштөр келечекте да кайталануусу мүмкүн:

- Москва маани бербегени жана жергиликтүү саясий элита менен акү-чүкүсүн толук макулдашпаганы анык. Менимче, биз Ханты-Мансийскте көргөн, байкаган маанай ойдо жок жерден эле чыккан эмес жана президент кабыл алган чечимге нааразылыгы негиздүү жергиликтүү саясий элитага байланышы бардай.

Кош нааразылыктын окшош маңызы


30-январда Калининграддагы демонстрацияга миңдеген адам катышты.
Ханты-Мансийсктеги күтүлбөгөн каршылык өткөн айдын акырында Калининград облусунда орун алган массалык демонстрациядан кийин болуп олтурат. Ал жерде салыктардын көтөрүлүүсүн айыптап жана губернатор Григорий Боос менен премьер-министр Владимир Путиндин отставкасын талап кылып, көчөгө он миңдей адам чыккан.

Албетте бул эки окуянын окшоштугу да, айрымачылыгы да бар. Биринчисинде калк кадыр-барктуу жана ошол аймактын өзүнөн чыккан губернатордун бошотулушуна нааразы болсо, экинчисинде Москва жөнөткөн жана эл арасына сиңе албаган губернатордун кызматтан кетишин талап кылууда. Анткен менен, аналитиктердин айтымында, эки учурда тең Москванын чечимдерине каршы терең жана ириңдеп кеткен кыжырдануу бар экендиги ачык көрүнүп турат. "Карнеги" борборунун талдоочусу Николай Петров мындай дейт:

- Жашоо деңгээли жакшырып жатканда, эл абдан эле пассивдүү болуп келген. Эми болсо өкмөт социалдык милдеттемелерин аткара албай калды. Андыктан эртеби же кечпи саясий пассивдүүлүк токтойт жана эл активдүү боло баштайт. Бул губернатор Москва тарабынан башка бир жактан жиберилсе жана адамдар аны чоочун катары карашкан учурда абдан кооптуу.

Шайлоого кайтуу

Аймактарда нааразылыктын күчөшү Кремлдин губернаторлорду дайындоо салтын жактырбагандар санынын көбөйүшү менен шайкеш келүүдө.

Москвадагы Левада борборунун соңку сурамжылоосуна караганда, аймактык жетекчилердин түндүктөн түшүрүлбөй, тикелей шайланышын орусиялыктардын 54 пайызы колдогон. Борбордун социологу Алексей Левинсондун айтымында, мындай маанай жаш жана билимдүүлөр арасында күчтүү:

- Орусиялыктардын басымдуу бөлүгү губернаторлорду тикелей шайлоого кайтууну жактайт. Губернатор - бийликтин карапайым орусиялык үчүн өтө маанилүү тепкичи. Бул тепкич ага Москвадагы федералдык бийликке караганда, кыйла жакын. Шайлоо мүмкүнчүлүгүнүн өзү эле орусиялык тургундар үчүн жагымдуу.


Губернаторлорду тикелей шайлоо тартибин Путин 2005-жылы жойгон. Мунун негизги жүйөөсү катары 2004-жылдын сентябрында Беслан шаарында мектеп окуучуларынын өмүрү кыйылган барымта кризиси аталган. Жаңы тартип террордук чабуулдарды алдын алуу үчүн керек деп түшүндүрүлгөн. Бирок сынчылар бул чечим Москванын аймактар үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү караган стратегиясынын бир бөлүгү экенин айтып чыгышкан болчу.

Азыркы президент Дмитрий Медведев деле Путинден калган салтты улантууда, бирок элитага жаңы кан куюу үчүн губернаторлор корпусун карт бөрүлөрдөн тазалап, жашартуу аракетин көрүүдө. Бирок жаңы баргандар деле - губернаторлук кылган аймагына байланбагандар.

Эл арасындагы маанайды билгендиктенби, президент Медведевге байланышы бар иликтөө уюмдарынын бири ага жолдогон баяндамасында губернаторлорду шайлоо тажрыйбасына кайтууну сунуш кылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG