Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Москванын жаңы мэри шайланды


Сергей Собянин
Сергей Собянин

Москва шаарынын жаңы мэри болуп вице-премьер жана өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп иштеп келген Сергей Собянин шайланды.

Москва шаардык думасынын кезексиз жыйынына чогулган 34 депутаттын 32си Собяниндин талапкерлигин колдошту. Думадагы 35 мандаттын 32си башкаруудагы "Бирдиктүү Россия" партиясына таандык экенин эске алганда башкача жыйынтыкты элестетүү кыйын эле. 52 жаштагы Собяниндин инаугурациясы бүгүн кечинде Москва мэриясында салтанаттуу өткөрүлмөкчү.

Бирок аземге мурдагы мэр Юрий Лужков катышпай турганы маалым болду. Ал “президенттин ишенимин жоготкон” деген жүйөө менен өткөн айда кызматынан алынган. Расмий маалыматка караганда, экс-мэр колу бошобогондуктан инаугурацияга келе албайт. Ал бул күнү жаңы иш ордунда - Москвадагы эл аралык университеттин студенттерине “Москванын өнүгүүсү жана Россиянын кайра жаралышы” деген темадагы лекция окуйт

Кремль мурдагы шаар башчыны миллиардер аялы ээлик кылган курулуш компаниясына ири жана кирешелүү долбоорлорду берген деп, коррупция үчүн айыптаган.

Собянин паракорлукка күрөшөрүн, чечимдер ачык-айкын кабыл алынарын убада кылды:

- Коррупция жана бюрократия Москванын көпүчлүк, балким бардык атаандаштык артыкчылыктарын жокко чыгарышы мүмкүн деп ишенем. Шаар ачык жана эффективдүү башкаруу системасына муктаж. Мен административдик чечимдер менен бюджетти бөлүштүрүү саясаты тууралуу айтып жатам.

Собянин жаңы курулуштар жөнүндө да сөз козгоп, алар шаар тургундарына залакасын тийгизбеши керек, ар бир алакандай бош жерде имарат тургузуу болбойт деди. Буга байланыштуу жаңы мэр 2025-жылга чейин түзүлгөн Башкы планды кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал транспорт маселесин акырындап чечүүгө да убада берди.

Шаарды башкарууда жарандык коомдун өкүлдөрүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет деди Собянин:

- Албетте биз коомго, Москвада иш алып барган бейөкмөт уюмдарга, партиялык структураларга таянышыбыз керек. Ар бир чиновник анын иш-аракеттерин жарандар контролдоп жатканын билүүгө тийиш.

Собяниндин жаңы кызматка дайындалышын анын премьер-министр Владимир Путинге лоялдуулугу менен түшүндүргөндөр да аз эмес. Алардын бири саясий аналитик Кирил Рогов: "Собянин Путиндин бардык буйруктарын кыйшаюсуз аткарып турат" деген оюн айтат.

Аналитиктин пикиринде, мэрдин негизги тапшырмасы президенттик шайлоого байланыштуу болмокчу. Ал Кремль тандаган талапкердин пайдасына Москвадан мүмкүн болушунча көп добуш алып берүүнүн үстүнөн иштейт. Путин менен Медведев 2012-жылкы шайлоого кимиси ат салышарын макулдашып алабыз деп айтышканы менен, көпчүлүк байкоочулар мамлекет башчы болууну Путин өзү көздөйт дешет.

XS
SM
MD
LG