Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

БЕРЛИН КАМАЛООСУНА 60 ЖЫЛ ТОЛДУ


Мындан туура 60 жыл мурун Батыш Берлиндин тургундары камалоого кабылган. 1948-жылы 24-июнда ошол таптагы Советтер биримдигинин лидери Иосиф Сталин Батыш Берлинге кетчү бардык темир жол, суу жолдорун тороого буйрук берген. Муну менен Сталин Чыгыш Германиянын, башкача айтканда, ГДРдин курчоосунда калган Батыш өлкөлөрүнүн таасири астындагы уникалдуу анклавды – Баттыш Берлинди каратып алуу мүдөөсүн көздөгөн. Бул – Улуу атамекендик согуштан кийин Советтер Бирдиги менен ири Батыш мамлекеттеринин ортосундагы курчуп турган мамилелердин туу чокусу болгон.

60 жыл мурун, 26-июнда керектүү гуманитардык жардам жүктөгөн алгачкы учактар Батыш Германиядан – ФРГдан – Батыш Берлинге учуп келип, абадан жүк түшүрдү. Бул тарыхтагы аба аркылуу жеткирилген эң ири гуманитардык жардам өнөктүгүнүн башталышы болгон.

Бир жылга жетпеген мөөнөт ичинде америкалык жана британ учактары болжол менен 300 миң жолу учуп, 2 миллион тонна азык-түлүк, отун жана башка жашоо үчүн керек болгон гуманитардык жардам жеткирип, Батыш Берлиндин 2 миллиондой тургунунун тиричилигин камсыз кылган.

Трауте Гриер (Traute Grier) айым камалоо башталганда 16 жашта болчу. Ошол күндөрдү ал мындайча эскерет:

-Батыш ынтымагынын гуманитардык жардамы 2 миллион адамды ачарчылыктан сактап калганын унутпоо керек жана баалап жүрүү зарыл. Ар бир эки мүнөт сайын учактар келип турган, алардын учкучтары эч тыным алган эмес. Бизге гуманитардык жардам жеткирген учкучтардын 72си набыт болду. Биз аларга өтө милдеттүбүз.

Гриер айым алтымыш жыл мурда Берлинде түзүлгөн кырдаал өтө оор болгонун мындайча сыпаттады:

-Берлин согуштан кийин урандыга айланган, кунарсыз шаар болгон. Шаар тургундары үчүн тиричилик катаал болуп, тамак-аш жана башпаанек табуу үчүн күрөшүүгө аргасыз элек. Отун кубат, электр жарыгы жок болчу. Өтө мүшкүл күндөр баштан өттү.

Гриердин айтымында, Батыштан келген гуманитардык жардам Батыш Берлиндин тургундары үчүн үмүт отун тутандырды:

-Советтер бизди ач өлтүрөйүн деген эле. Алар орноткон диктатура өтө ырайымсыз болчу. Ошондуктан Батыш ынтымакташтарыбыз бизге жардам берүүгө аракет жасады. Биз аларга ыраазыбыз. Аба аркылуу бизге келген гуманитардык жардамдар биз үчүн бейиштегидей жардам эле. Алар берген тамак-аш өтө аз болчу, бирок бул бизде үмүт отун жандандырды.

АКШ армиясынын аба корпусунун сержанты Доналд Луман (Donald Luehmann) камалоо учурунда 23 жашта эле. Анын айтымында, 60 жыл мурун болгон камалоого каршы бул өнөктүк тууралуу көптөр кабардар эмес.

-Иш жүзүндө ошол камалоонун 60 жылдык мааракеси белгиленгенге чейин бул тууралуу көп деле ачык айтылбай келген. Менимче, көпчүлүк адамдар 60 жыл мурун кандай күндөр өткөнүн билбесе деле керек.

1949-жылы май айында Батыш Берлиндеги советтик камалоо алынып ташталган, бирок Батыш Берлиндин антикоммунисттик өнөктөштөрү гуманитардык жардамын аба аркылуу жеткирүүнү дагы бир нече ай бою улантып турду.

P.S. Батыш Берлин – 1949-1990-жылдары өкүм сүргөн өзгөчө саясий түзүлүшкө ээ шаар. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганда, Берлин шаары төрт бөлүккө бөлүнгөн, анын чыгыш бөлүгү коммунисттик өлкө - СССРдин көзөмөлү астында болгон. Калган үч бөлүгү Батыш Берлин аталып, америкалык, француз жана британдык бөлүктөрдөн куралган. Батыш Берлин туш тарабынан коммунисттик өлкө - ГДР тарабынан курчалып турса да, демократиялык системаны, эркин базар мамилелерин сактап калган.

XS
SM
MD
LG