Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өлкөнүн улуттук коопсуздугунун 2020-жылга чейинки стратегиясын бекитти. Документте Орусия атуулдарын, уюмдарды жана бийлик өкүлдөрүн улутук коопсуздук чөйрөнү бекем чыңдоого үндөө бар.

Бул Улуттук коопсуздук стратегия март айында Дмитрий Медведев тарабынан кайра иштеп чыгуусу үчүн кийинкиге калтырылган. Айрым серепчилер Москва менен Вашингтон алакасынын оңоло баштаганынан улам толуктоолорду киргизүү максаты менен белгисиз мөөнөткө жылдырылды деп боолгошкон.

Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Николай Патрушевдин айтымында, жаңы стратегияда кансыз согушту кайра баштоого орун жок. Президент Дмитрий Медведев дүйнөлүк экономикалык кризисти жеңип, алдыңкы катардагы өлкөлөрдүн тизмесине кирүүгө Орусияда мүмкүнчүлүк бар деп белгиледи.

Экономикалык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2009-жылы Орусиянын ички дүң продуктусу 6-7,4 пайызга ылдыйлайт. Бюджетте болжол менен 40,42 триллион рублге чейин тартыштык пайда болушу ыктымал. 2008-жылы АКШда ички дүң продуктунун көлөмү 14,26 трлн долларга жетип, биринчи орунду ээлгеген. Экинчи орунда Кытай, андан кийин Жапон, Индия, Германия бар. Орусия болсо онунчу орунду ээлеген.

Regnum.ru интернет баракчасынын жазганга караганда, мындай намыстануу менен жарыя кылынган убада суу кечпей калышы мүмкүн. Буга бир катар себептер бар. Маалым болгондой Орусия мурдагыдай эле чет өлкөгө саткан мунайдын баасына көз каранды. Кор системасы төмөнкү тепкичте өнүккөндүктөн олку-солку абал сакталуу бойдон. Өнөр жайы менен энергетика өндүрүүчү отун тегерегинде чыр басыла элек. Ушул маселелер Кремлдин ооз көптүрө айткан убадасын тыйпыл кылып салышы ыктымал.

Мамдуманын төрагасы, «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жетекчиси Борис Грызловдун айтымында, максатка жетүү үчүн аракет күч:

- Кризисти жеңүү чараларына көп ресурстарыбызды жумшоодобуз. Алар банк системасын жөлөп-тайаганга, мурда кабыл алынган бюджеттеги бардык социалдык милдеттерди аткарууга жумшалууда.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев буларды белгилейт:

- Узак мөөнөттөгү жагдайга келсек Жакынкы Чыгыш, Баренц деңизинин жээги, Арктика аймагы, Каспий деңизи жана Борбор Азия жерлеринде жаткан энергия кубатын өндүрүүчү булактарды ээлөө үчүн көңүл көп бурулат.

Саясатчы Иосиф Дискин азыркы тапта бийлик менен ишкердик ортосунда ишеним болгону жакшы деген пикирде:

- 2020-жылга чейинки стратегия үчүн кадимкиге караганда дурус чен менен баруу керек. Оюнга катышкан ар бир чыгаан ишкер менен бийлик тил табышуу зарыл. Ишенимден кеткенде экономика оор жоготууга дуушар болот.
XS
SM
MD
LG