Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Орусия: Кущевск бекетинде 12 кишини өлтүргөндөр кармалды


20-ноябрда Краснодар крайындагы Кущевск бекетинде массалык адам өлтүрүүгө катышкан деген шек менен дагы эки киши кармалды. Буга чейин мындай айып менен алты киши камакка алынган.

5-ноябрда Кущевск бекетинде чала өрттөлгөн тамдын ичинен 12 кишинин сөөгү чыккан. Алардын төртөө кичинекей балдар болгону аныкталды. Белгисиз бирөөлөр алардын баарын мууздап, бир ымыркайды муунтуп өлтүрүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышкерлер үчүн үйдү тоноо максат болгон эмес. Адистердин баамында, муну менен кылмышкерлер жарандардын жүрөгүнүн үшүн алып, бийлик өкүлдөрүнүн айласын кетирүүнү көздөгөн.

20-ноябрда кармалгандар туурасында Орусиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин буларды айтты:

- Тергөөчүнүн бул ишти иликтөөдө Карпенко менен Быковдун кандуу окуяны ишке ашырууда тиешесин далилдеген фактылар бар.

Адис Михаил Виноградов болсо буларды белгилейт:

- Бул жерде саясий боек бар. Губернатор мамлекет бийлигине каршы чыккан жок, режимди кулатуу үчүн бут тоскон жок. Ошол эле учурда ал бандиттер тобунун оюна келгендей иш алып баруусун көрмөксөнгө салып, аны менен максатташ болуп кеткен. Натыйжада аймактагы чыныгы башкаруу кылмыш дүйнөсүнө өтүп кеткен.

Укук коргоочу Лев Пономаревдун айтымында, Краснодар аймагынын кара топурак жери илгертеден баалуу келет. Ошондуктан акчалуулар ишканаларды, жерди рейдердик жол менен тартып алып келишет.

Ал эми жогору жактан ылдыйды карай башкаруу системасы бир алаканы экинчи алаканынын эмне кылып атканын билбегендиктен, анын акыры келип көндүм адатка айлангандыктан ушундай окуя болорун Мамлекеттик Думанын коопсуздук комитетинин мүчөсү Александр Гуров белгилейт.

- Милиция, прокуратура, тергөө жана башка кызматкерлер паракорчулукка белчесинен батып, кылмышкерлер менен табакташ болуп кеткен. Ага кошул-ташыл тартип сактоо органдарынын иш колунан келбейт, дурустап ишин аткара албайт, кылмышкерлерден коркот. Ушунун баары кылмышкерди көрүп турса да көрмөксөнгө салуу адатын жаратты.

Айрым талдоочулар мындай кан төгүлүүгө губернатор баш болуп, областык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Орусиянын Ички иштер министри айыптуу болгонун айтышат. Кийинки 15 жыл аралыгында тургундарды коркутуп келаткан кылмышкерлердин көбү кармалбай келет.

Жергиликтүү серепчи Максим Федоренко буларды белгилейт:

- Ал жакта паракорчулук менен иш алып барган олигархтар чөйрөсү пайда болду. Чечимди ким кабыл алат? Алар менен прокуратура, милиция, бийлик табакташ болуп турса анан кантип алар бири бирине каршы болот?

Эки күн мурда Краснодар аймагынын губернатору Александр Ткачев тартип сактоо органдын жетекчилерин кызматтан алган.

Акыркы жылдары Кущевск бекетинде ондогон киши өлтүрүү, карактап кетүү, зордуктоо, жер тартып алуу өңдүү кылмыштардын жүзү ачылбай келет. Орусиянын тергөө комитети эми ошол кылмыштар боюнча кайрадан иш ачуу демилгесин көтөрдү.

XS
SM
MD
LG