Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:55

Жапонияда Обама менен Медведев жолугушту


АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Прагадагы жолугушуусу, 2010-жылдын 8-апрели.

АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Прагадагы жолугушуусу, 2010-жылдын 8-апрели.

АКШ президенти стратегиялык чабуулга жарачу куралдарды кыскартуу боюнча Орусия менен түзүлгөн жаңы келишимди Конгресс жакташына абдан ынтызар.

Бул туурасында Йокогама шаарында өтүп аткан АТЭК саммити учурунда Барак Обама ара чородо Дмитрий Медведев менен жолугуп, ошол жерде айтты. Ошондой эле тараптар Ирандын ядролук программасы тегерегиндеги жагдайды, Ооганстан боюнча кызматташуу жана жакында Португалияда Медведевдин НАТО саммитине катышуусун кепке алышты. Америкалык лидер Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өтүшүн колодой тургандыгын билдирип, Москваны «артыкча өнөк» деп атады.

АКШ менен Орусия ортосунда түзүлгөн жаңы келишимге (СНВ-3) быйылкы жылдын 8-апрелинде Прага шаарында президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев жолукканда кол коюлган.

Азыр болсо Жапон шаары Йокогамада (АТЭК) Азиялык-Тынч океандык экономикалык кызматташуу олтуруму үстүндө президенттер, 14-ноябрда жолугушуп, ошол СНВ-3 кебин улашты. Не дегенде, ал келишим күчүнө кириш үчүн орусиялык Мамдума менен Кошмо Штаттар Конгресси колдоого алууга тийиш.

Барак Обаманын кебине караганда, жаңы келишимдин (СНВ-3) ратификация болушу үчүн анын администрациясы белсенип киришет:

- Бул НАТО менен Орусия кеңешин кайрадан иштөөгө, кеңешип иш алып барууга шарт түзөт, натыйжада кайсы бир маселелер тил табышып, чечилет. Ошондой эле Европанын коопсуздугу боюнча кайсы бир олуттуу маселелерде бирге аракет жасоону жакшыртат.

Америкалык администрация билдиришине караганда, Орусия менен Кошмо Штаттары нагыз өнөктөштүккө («перегрузка») кайрадан жетише алды. Анын натыйжасы СНВ боюнча жаңы келишимге кол коюну жаратты. Иран боюнча БУУ Коопсуздук Кеңеши чыгарган өкүмдү Орусия колдого алды. Маскөө мурда макулдашкан С-300 ракеталарын Тегеранга сатуудан баш тартты. Ооганстанга согуштук жүктү ташууда Орусия аны өз жери менен тартып өтүүгө уруксат берди.

Бирок эксперттер болжолунда, Вашингтон менен Маскөө алакасын ошончо эле жылып кетти деш эрте. Эмки кезек президенттер деңгээлинде жетишилген келишимди палаталар колдоп береби жокпу – кеп ошондо. АКШ Сенаты келишимди колоодон мурда аны жети өлчөп бир кесээри турулуу. Келишимге каршы болгондор көп.

Ал эми Орусия «суверендүү демократия» депутаттары Кремлдин каш кабагына жараш кол көтөрөрү турулуу иш. Айтылуу саясий талдоочу Андрей Пионтковский айтышынча:

- Кремлдин башы ооруй турган маселе эмес, Мамдума талкуга алып олтурбайт. А Сенат талкуу кызуу жүрүүчү жай, анын кандай маанайда кызуу жүрөрүн көз алдыга келтирүү кыйын.

Орусиялык ырасмий тарап билдиргенге караганда, СНВ-3 келишими түзүлөр алдында Вашингтон макул болуп, Маскөө утушка жеткен масилеттер бири - Европада америкалык ПРО (абадан болуучу чабуулдан коргонуу) системасын азайтуу болду.

Кандай болгондо да, Барак Обама мырза кыялданган «такыр эле өзөктүк куралсыз» жашоого Орусия баш болгон Кытай, Индия, Пакистан, Түндүк Корей жана Иран каршы турушууда.
XS
SM
MD
LG