Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Вашингтон Москвага Ирандын өзөктүк программасы боюнча сунуш киргизди


Россиянын Атомдук агенттигинин жетекчиси Сергей Кириенко орустардын жардамы менен курулган Бушер ядролук станциясында пресс-конференция өткөрдү, Иран, 25-февраль, 2009-жыл
Россиянын Атомдук агенттигинин жетекчиси Сергей Кириенко орустардын жардамы менен курулган Бушер ядролук станциясында пресс-конференция өткөрдү, Иран, 25-февраль, 2009-жыл

Россия Иранды атомдук программасынан баш тарттыруу жаатында жардамдашса, АКШ Чыгыш Европада ракетадан коргонуу ситсемсын орнотуу планын кайрап карап чыгат. Адегенде россиялык “Коммерсант” гезити жазып чыккан бул кабарды кийин АКШ администрациясынын өкүлү тастыктады.

Жогорудагыдай сунуш президент Барак Обаманын орус мамлекет башчысы Дмитрий Медведевге 3 жума мурун жолдогон катында айтылган имиш. Вашингтон администрациясынын расмий өкүлү Кремлге кат жөнөтүлгөнүн бышыктап, ошол эле маалда анын мазмуну жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты. Ал жөн гана АКШ Иранды атомдук программасынан баш тарттырууда Москванын жардамын кубатташы мүмкүн деп чектелди.

Ирандын ядролук программасы туудурган коопту азайтуунун бир жолун Россия менен сүйлөшүүдөн көрөбүз, - деген атын атабаган америкалык расмий өкүл Вашингтон “алтернативалуу антиракеталык системанын жаңы конфигурациясын” Москва менен талкуулоого даяр деп туюндурду.

“Нью-Йорк Таймс” (The New York Times) гезити дагы бир америкалык расмий адамга шилтеме жасап жазганына караганда, кат түздөн түз соодалашууну көздөбөйт, анда Иран маселеси боюнча биргелешип иштөө сунушу камтылган.

Хэритэйж корунун (Heritage Foundation) Москва кеңсесинин директору Евгений Волк Россия Иран менен атомдук тармактагы кызматташуусунан оңой-олтоң эле баш тартпайт деген оюн айтат:

- Россия үчүн Иран менен ядролук кызматташтык саясий жана экономикалык жактан өтө кирешелүү нерсе. Ирандын атомдук программасына катышуу азыр кризиске туш болгон Россиянын атомдук өнөр жай комплексинде иштеген көптөгөн орустарды жумуш менен камсыздайт. Саясий жактан болсо, менимче, Россия Американын Борбор Азиядагы таасирин азайтуу үчүн Иран менен саясий кызматташтыкка кызыкдар.

Чыгыш Европада антиракеталык системанын бөлүктөрүн орнотуу планы АКШнын мурдагы администрациясы тарабынан кабыл алынган. Экс-президент Буш система Иран жараткан атомдук кооптон коргонуу үчүн керек деп ырастаган. Москва мындай долбоор өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат деп, өз чегарасына жакын жерде ракета жайгаштырууга каршы болууда. Президент Обама антиракеталык система планын улантуу нийетин билдирүүдө. АКШ администрациясы “Азаттыкка” маалымдагандай, “коркунучтун табиятына жараша” долбоорго өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG