Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Трамп: Мага каршы чыккандардын укугун тааныйм


Доналд Трамп
Доналд Трамп

АКШ президенти Доналд Трамп ага каршы Вашингтондо өткөн “Аялдар жүрүшүн” колдоп чыккан дүйнө жүзүндөгү жүз миңдеген адамдардын укугун тааный турганын билдирди.

“Тынч протесттер биздин демократиянын өзгөчөлүктөрүнүн бир белгиси. Балким мен дайыма эле макул боло бербесмин, бирок адамдардын өз пикирин билдирүү укугун кабыл алам” деп жазды Трамп Твиттердеги баракчасына.

Мурдараак ал акцияга чыккандарды сындап "Протестчилерди көрүп жатып мага шайлоо жаңы эле өткөндөй сезилип кетти. Бул адамдар эмне үчүн добуш берген эмес. Атактуулар ишке залакасын тийгизип жатат!?" деп жазган болчу.

21-январда Вашингтондо жана АКШнын башка шаарлары менен катар дүйнө жүзүнүн бир нече өлкөлөрүндө 1 миллиондон ашуун адам көчөгө чыгып, жаңыдан президенттик кызматка келген Доналд Трампка каршылыгын билдирген. Арасында белгилүү актерлор, ырчылар бар болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG