Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүп жатат


Оштогу добушкана.
Оштогу добушкана.

Саат сегизден тарта өлкөдө 2 365 шайлоо тилкеси ишин баштады. Чет мамлекеттерде референдум үчүн добуш берүүгө 35 шайлоо участогу ачылган. Андан тышкары Бишкекте кошумча 32 добушкана иштейт, анда башка аймактарда катталып, бирок борбор калаада жашаган шайлоочулар добуш бере алышат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга көз салуу үчүн 181 эл аралык байкоочу катталды. Алар дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн, 46 эл аралык уюмдардан келген байкоочулар. Булардын ичинде ШКУ, КМШ уюмдарынан, элчиликтерден жана башкы консулдуктардан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынан, Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик биримдигинен, айрым өлкөлөрдүн БШКларынан өкүлдөр бар.

ЕККУ бул жолу шайлоого жана референдумга байкоочу жибербесин маалымдаган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Таза шайлоо” ассоциациясынын 200дөн ашуун байкоочулары көз салышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG