Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Биринчи Май эмгекчилердин эл аралык майрамынын алдында Орусияда жумушчулардын нааразылык акциялары күч алды. Курал жасоочу "Молот" ишканасынын жумушчулары алты айдан бери айлык алыша элек. Жумушчулардын айрыкча нааразы болгону - ишкана жетекчилери аларга маянаны aзык-түлүк менен төлөөнү улантууда.

Валентина Данилченко "Молот" ишканасында 30 жылдан ашык убактан бери эмгектенет, ал бакчасында жашылча өстүрүп, ошону менен жан сактап жатканда, ишкананын башчылары мурдагысындай эле кен-кесири жашап жаткандыгына нааразы:

– Согуш мезгилинде эл эмнеге иштеп жатканын билчү. Алар турмуш кыйын экенин, элдин баары бир үзүм нанга зар болуп күн көрөөрүн билчү. Азыр эмне? Биз иштеп, бирок айлыксыз калсак, чоңдор заңгыраган ак сарайларды салып, падышалардай жашап жатат.

Мына эми 1-Mай эмгекчилер күнүндө жумушчулар бийликтерге каршы кадамдарга даярдык көрүшүүдө. Өкмөткө ымалаш саналган Көз карандысыз кесиптик кошуундар федерациясы бул күнү аз дегенде 2 жарым миллион мүчөсү демонстрацияга чыгаарын билдирди. Оппозициядагы "Яблоко", "Боордоштук", Коммунисттик партиялар да Москвада, Санкт-Петербургда жана башка шаарларда демонстрация өткөргөнү жатышат.

Азаттыктын орус кызматы менен маектешкенде Думанын Жумуш комитетинин төрагасы, жана бийликтеги Бириккен Россия партиясынын мартабалуу мүчөсү Андрей Исаев мындай демонстрациялардын катышуучулары бийликтерди сынга алса, бул кадимки эле демократиялык жараяндын бир көрүнүшү болот деди.

Бирок барган сайын абал курчуп жаткандыгы айныксыз.

Соңку статистикага ылайык, өлкөдө маяна боюнча карыздар 262 миллион долларга жетти, башкача айтканда, 500 миңдей киши айлыктарын өз убагында ала албай жатышат. Экономикалык Өнүктүрүү министрлиги ушул дүйшөмбүдө 7.5 миллион киши жумушсуз экендигин бышыктады. Бул жумушка жарамдуу калктын 10 пайызын билдирет.

Министрлик ошондой эле өлкөдөгү ишканалардын ар бир үчүнчүсү жумуш орундарын дагы кыскартууну пландап жаткандыгын билдирди. Айрыкча машина жасоочу жана метал иштетүүчү ишканаларда кыскартуулар көп болот деп күтүлүүдө. Анын аралыгында, мамлекеттин көзөмөлүндөгү Орус Темир жолдору 54 миң, Северстал болот дөө-шаасы дээрлик 10 миң жумуш ордун кыскартып жаткандыгын жарыялады. ГАЗ машина ишканасы быйылкы жылдын биринчи үч айында 7.5 миң орунду кыскарткан.

Кесиптик кошуундар мындай эсепте кыска иш күнү менен иштегендерди, кыска иш аптасын, айлык төлөнбөгөн милдеттүү эс алуу күндөрүн эске алынбай жаткандыгын белгилешүүдө.

– Абал уламдан улам кыйындап баратат. Бир жагынан рубл арзандатылды, анын кесепетинен инфляция күчөдү. Жумушчулардын сатып алуу даремети болжол менен 40 пайызга төмөндөдү. Биз абалдын оңолгонун байкаган жокпуз,-дейт Бүткүл Россиялык Жумуш конфедерациясынын жетекчиси Борис Кравченко.

Бул кырдаалда бүт өлкө боюнча жумушчулардын нааразылык акциялары көбөйүп жаткандыгы таң калыштуу эмес. Өткөн аптада Ростов-на-Донудагы ТагАЗ машина чыгаруучу ишкананын 70тей жумушчусу айлык төлөө талабы менен иш ташташты. Бул ишканада түштүк кореялык "Даэву" жеңил машинасы жасалат.

Челябинск областындагы "Златоуст" металлургиялык заводунда бир нече айдан бери айлыгын ала албай, эми июнга чейин иш токтоп жатканына нааразы болуп, 3 жумушчу ачкачылык жарыялашты. Баяндамачылар мындай акциялар көп болгону менен алар начар уюштурулганын, көбүнчө жыйынтыксыз аяктаарын белгилешүүдө.

Бирок кесиптик кошуундар бул жакында өзгөрөт деп үмүттөнүшүүдө. Орусиянын эң ири көз карандысыз кесиптик кошуундары болгон Бүткүл Россиялык Жумуш конфедерациясы менен Орусиянын Жумуш Конфедерациясы жакында биригүү планын жарыялашты.

Биз үчүн бул техникалык маселе. Биз кыйын кезеңдеп эптеп чыгып кетишибиз керек. Биз жумушчулардын укуктарын коргой алабыз. Финансылык ресурстарыбызды, кызматкерлерибизди, нааразылык көрсөтүү дареметибизди, аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирели деп жатабыз. Бул тепсендиде калбаш үчүн керек, - деп билдирди Бүткүл россиялык конфедерациянын жетекчиси Кравченко.

Анын айтымында, биригүүдөн 2 миллион мүчөсү бар кесиптик кошуун пайда болмокчу.

Кризиске чейин Орусияда экономикалык өсүш жылыга 7 пайызды түзүп келген. Быйыл улуттук дүң өндүрүшү 2.2 пайзыга төмөндөйт деп күтүлүүдө. Бул - 1998-жылдан берки эң начар көрсөткүч.

Абалдан кантип чыгуу керек деген маселеде өлкөнүн жалаң мунай-газдын экспортунан көз карандылыгын сактап калыш керекпи же жокпу деген маселенин айланасында талаш айрыкча кызуу болуп жатат.
XS
SM
MD
LG