Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Экономикалык кризис саясий толкундоолорду жаратышы мүмкүн


Кремль нааразылыкты дагы качанга чейин күч менен басат?

Кремль нааразылыкты дагы качанга чейин күч менен басат?

Орусияда импорттолуп жаткан автомобилдерге салыкты жогорулатуу боюнча өкмөттүн чечимине нааразылык билдирген акциялар өткөн аптада жумурияттын 25 шаарында өттү. Экономикалык кризистин эртеңи оор болушу мүмкүн.

Акыркы бир канча жылдан бери Орусияда митинг-демонстрациялар бирдей эле өтүп келди: В.Путиндин сүрөтү тартылган майкечен бир нече миң студент чыгып, «Биз сиз үчүн дагы эмне кылып берели?» деген суроону коюшат.

Бирок өткөн жуманын этегинде Ыраакы Чыгышта жапон желегин көтөрүп, митингге чыккандарда маанай башкача эле. Орус өкмөтү январдын биринен тарта чет жактардан келчү колдонулган машинелерге салыктын көлөмүн көбөйткөнүнө алар каршылык билдиришти. Нааразылык акциялары мамлекеттин 25 шаарында өттү. Бирок эң ири демонстрациялар Ыраакы Чыгышта орун алды. Анткени дал ушул аймакта Жапония менен Түштүк Кореядан машине алып келүү иши жакшы жолго коюлган.

Демонстрациялар - глобалдык экономикадагы кризистен жабыр тартып жаткан Орусиядагы социалдык нааразылыктын бир гана көрүнүшү. Коомдук пикирди иликтөө корунун сурамжылоосунун жыйынтыгы көрсөткөндөй, азыр орусиялыктардын 39%зы өкмөттүн антикризистик чараларына канааттанбайт. Өндүрүшү бар шаарларда өкмөткө канааттанбагандардын саны керек болсо 54 %га жетет. Суралгандардын 20%зы нааразылык акцияларына катышууга ниети бар экендигин билдирген.
Бийлик эл менен байланышты туура түзө албагандыктан анын мүдөө-талабын да түшүнбөй жатат...


15-декабрда Ижевск шаарында эки миңдей адам ижарага берилчү үйлөргө жана коммуналдык кызматтарга баанын жогорулаганына каршы пикетке чыкты. Эми жаратылыш газы менен темир жол каттамдары үчүн да белеттин баасын көтөрүү боюнча алдыдагы пландар элдердин кыжырын келтириши мүмкүн экени айтылууда.

Орус расмий бийлигин колдогон Жаңыча Өнүгүү институтунун директору Игорь Юргенс: “Өкмөт элдин талабына учурунда туура жооп бере албаса, азыркы кризистин жүгүн бирдей көтөрүп жатканын ачык көрсөтө албаса, нааразылык дагы күчөй турганы турган иш», - дейт.

Орусиялык аналитик Владимир Прибыловский болсо азыр автомобиль импорту менен нааразылыктарды өкмөттүн натуура аракетинин натыйжасы деп билет. Анын оюнда, башкаруучу класс кризистин айынан чыккан проблемаларды калктын эсебинен чечүүгө аракет кылып жатат.

Ага чейин эле орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путин «Бирдиктүү Орусиянын» конгрессинде сүйлөп: «Дүйнөдө мунайга же биздин экспортко чыгарчу башка товарларга баа кайсыл жагына өзгөрбөсүн, топтолгон резервдер орус бюджеттик системасынын туруктуулугун камсыздай алат. Демек, айлык-акы, пенсия, пособиелер үзгүлтүксүз берилип турат, социалдык кепилдик системасы туруктуу иштейт. Жыртык тешикти жарандардын эсебинен бүтөөгө барбайбыз. Биз антпейбиз!», - деп айткан эле.

Gazeta.ru интернет сайтына жазган комментарийинде Андрей Колесников бул толкундоолорду 2004-2005-жылдагы демонстрациялар менен салыштыргансыды. Анда пенсионерлерге коомдук транспортто акысыз жүрүүгө берилген укукту акча менен алмаштыруу саясаты колдоо таппай, демонстрациялар башталган. Адамдар Путиндин президенттиктен кетишин да талап кылышкан эле. «Бул жолку демонстрациялар саясий эмес, экономикалык талапты гана койду» деп жазат Колесников. Бирок бийлик эл менен байланышты туура кое албагандыктан, андан түшүп жаткан сигналдарды туура чечмелей албагандыктан, анын мүдөө-талабын да түшүнбөй жаткан өңдүү.

Орусияда саясий сахна толугу менен Кремль жана «Бирдиктүү Орусия» партиясы тарабынан монополияга алынганын эске алганда, элдин сигналдарына ким жооп бериши керек?
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG