Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Ошто үлүш жерлерге турак-жай курулууда


Үлүш жерлер айыл чарбасы үчүн берилген.
Үлүш жерлер айыл чарбасы үчүн берилген.

Ош шаарына караштуу Жапалак айылында 20 адам үлүшкө берилген дыйканчылык аянттарына турак жай куруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы уюштурган рейд учурунда белгилүү болду. Үлүш жерге үй курган жарандар убагында айыл өкмөтүнөн уруксат алганын айтып жатышат.

Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү өтүнүчүн шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгына билдиргенин аталган мекеме маалымдады.

Жапалакта 17 миңдей эл жашайт. Айыл тургундары жаштарга турак үй курууга жер жетишсиз экенин айтып келишет. (YI)

XS
SM
MD
LG