Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Орусия: Каржы министрлиги менен «коопсуздук мыкчегерлеринин» кармашы күчөдү


Кара майдан түшкөн пайданын өлчөмү кескин азайып кеткендиктен, ушул тапта Орусиянын экономикасы төмөндөп, саясий элитанын ички кармашы курчуду.

Эми кармаш каржы министрлигиндеги технократ “ак жакачандар” менен өкмөт башчы, мурдагы тыңчы Владимир Путиндин айланасында топтолгон коопсуздык кызматтарынан чыккан “мыкчегерлердин” ортосунда да от алды.

Он жылга жакын аралыктын ичинде коопсуздук кызматтарынан чыккан “мыкчегер” ардагерлер менен туйтунуунун улам жаңы амалын издеген экономисттер Владимир Путиндин авторитардык режиминдеги маанилүү эки тирөөчтү элестетишет. Азыр алар ич ара күрөшүн ого бетер күчөтүп, ансыз да араң турган бюрократиялык кармаш отуна май сээп жатышат.

Маселен, Каржы министрлигиндеги коррупциялык иш-аракеттерди айыптоолор феврал айынын башында “чарт” эткен чагылгандай жаңырып, Кремлдеги эки топтун (“бригаданын”) кармашы күчүндө экенин айгинеледи. Бул күрөштү ансыз да оор абалдагы Орусиянын экономикасы андан аркы кризис аркылуу ого бетер тереңдетүүдө, дейт “Азаттыктын” серепчиси Брайан Уитмор.

Жергиликтүү талдоочулар саясий кермек даамдуу чабуул катары баалашкан бул жакында козголгон кылмыш иштери Каржы министри Алексей Кудрин капысынан мурдагы турумун караманча-каршы жакка буруп, өтө кыйын каржылык абалда калган компанияларга Кремлдин анти-кризистик программасынын алкагында түз жардам берүүнү токтоткондон кийин эле башталып отурат.

Мындай аракет мамлекеттин көмөгүн алууга кам уруп калган көптөгөн корпорациялардын жана алардын коопсуздук кызматтарындагы “колдоочуларынын” кыжырын келтирди.

Адистердин айтымында, Каржы министрлигине болгон чабуул орус саясий элитасынын ичиндеги чоң жараканы айгинеледи. Бул бийликтеги саясий “каймак” ансыз да кирешеси улам азайган жаратылыш байлыктарын көзөмөлдөө үчүн ич ара айыгыша күрөш жүргүзүүдө. Дал ушул күрөш Путин өзүнүн жекече жетишкендиги катары улам-улам айтып келаткан өлкөдөгү туруктуулукту бузушу ажеп эмес.

АКШдагы Гудзон институтунун ага илимий кызматкери, «Эрте таңдагы караңгылык: Кылмыштуу Орусия мамлекетинин башаты» аттуу китептин автору Давид Саттер “Азаттыкка” мындай дейт:

- Путин түзгөн азыркыдай шартта ачыктык да, адилеттик да, жарандык жүрүм-турумдун салттары да жок. Ал эми өз кызыкчылыктарын коргоонун эң эле оңой жолу – сага түйшүк жараткан адамга каршы кылмыш ишти будамайлап ача коюу.

Адистер, Кремлде мурдатан эле технократ “ак жакачандар» менен коопсуздук кызматтарынын “мыкчегерлеринин”, орусча айтканда, “силовиктердин”, өкүлдөрүнүн ич ара тирешүүсү болгонун, бирок Орусиянын экономикасы өсүп аткан чакта алардын кармашын тизгиндөө кыйла оңой болгонун белгилешет. Бирок азыркы каржылык кризисти эске алганда чыр-чатак оңой менен басылчудай эмес.

Күч тармагынан чыккандардын эң эле таасирдүүсү катары премьер-министрдин биринчи орун басары Игорь Сечинди айтышат.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын алдындагы Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин буга чейин, Каржы министрлигинде иштеп кетишкен эки чоң аткаминерге каршы Орусиянын Алжир мамлекетине бере турган 18 миллион доллар карыз акчасына “суук колун салган” деген доого байланыштуу кылмыш иши козголгонун айткан.

Бастрыкиндин айтымында, Каржы министринин орун басары Сергей Сторчак менен Каржы министринин мурдагы орун басары Вадим Волковдун иши боюнча тергөө жакында аяктап, сотко тапшырылат.

Кремлди иликтеген серепчилердин баамында, 2007-жылдан бери уланып келаткан бул чабуул оболу Каржы министринин мурдагы орун басарларына эмес, министр Алексей Кудриндин өзүнө багытталган дешет.

Санкт-Петербургдагы Европа университетинин Билимди өркүндөтүү борборунун жетекчиси Дмитрий Травин бул боюнча мындай дейт:

- Сечин менен Кудриндин тирешүүсү бир топтон бери уланып келатат. Сечин каршылашы Кудринди кызматынан кетирип, анын ордуна өзү отургусу келет. Ал тергөө комитетин курал кылып, Бастрыкин экөө Кудринди саясий аренадан жоготкулары келет.

Адистердин пикиринде, Кремлдеги эки топтун тиреши дагы канчага созулары белгисиз. Эгер Алексей Кудрин башынан премьер-министр Владимир Путин менен жакын мамиледе болбогондо коопсуздук кызматтарынан чыккан “мыкчегерлер” аны эбак эле министрлик ээрден алып түшүшмөк дешет.

XS
SM
MD
LG