Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Кавказдагы орус-грузин согушу жөнүндө кинотасма тартылды


"Olympius Inferno" фильминен кадр
"Olympius Inferno" фильминен кадр

Москва менен Тбилиси былтыр августта болгон 5 күндүк урушту ким баштаган деп бүгүнкү чейин талашып келатышат. Ушул жуманын этегинде орустардын Биринчи каналы уруштун тутанышы жөнүндө көркөм фильм тартуулаганы жатат. "Olympius Inferno" деп аталган тасмада согуш үчүн жоопкерчилик грузин президенти Михаил Саакашвилиге жүктөлөт.

Фильм Россияда туулган америкалык биолог менен орус журналист кыздын таржымалын баяндайт. Сценарий боюнча алар Түштүк Осетияда көпөлөктөр жөнүндө сюжет тартып жүрүп, согуштун алгачкы мүнөттөрүн тасмага түшүрүп алышкан. Ошол тасманы анан Грузиянын көзөмөлүндөгү аймак аркылуу орус чегарасына алып барыш керек.

Каармандар жаңжалды тынч уктап жаткан аймакка чабуул койгон грузин аскерлери башташкан деп дүйнөгө чындыкты жеткирүүнү көздөшөт. Фильм мамлекеттик Биринчи каналдан жекшемби, 29-мартта эл эң көп көргөн убакытта тартууланмакчы.

Режиссер Игорь Волошин Эркин Европа/Азаттык радиосунун орус кызматына айтып бергендей, Биринчи канал ага декабрда кайрылып, фильм тартууну сунуш кылган. Режиссер фильм саясий экенин моюнга алуу менен ал кыйын абалга кептелген эки жаштын таржымалын баяндайт дейт:

-Бул фильм грузиндер жөнүндө эмес, эл жөнүндө. Ал алааматтын чордонунда калган эки жаштын тагдыры тууралуу. Тилекке каршы, бизде көркөм кино да өнөр катары эмес, талданып чыкчу бир кайрылуу катары каралып келет.

Грузиялыктар болсо, албетте, бул фильмди башкача чечмелешет. Согушта аскерий жактан артыкчылыкка ээ болгон Россия Түштүк Осетиядагы окуялар боюнча өз версиясын бекемдөө үчүн эми экономикалык жана үгүт жолдорун издешүүдө.

Былтыр октябрда Интернетте орустардын “Чыккынчылык өнөрү” деген документалдуу тасмасы жарык көргөн. Анда да август окуялары Россиянын көз карашынан чагылдырылган жана кан төгүүлөр үчүн президент Саакашвили күнөөлөнгөн.

Грузия да өзүнүн Интернет тасмасын англисче чыгарып, аны “Алоолонгоон Грузия” деп аташкан. Бирок бул документалдуу тасмалар "Olympius Inferno" менен реклама жагынан атаандаша алышпайт.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун Грузин кызматынын маданият боюнча кабарчысы Гиорги Гвахария Москва кинону саясий максаттары үчүн пайдаланып келет жана жаңы фильм ошол долбоордун бир бөлүгү деген оюн ортого салат:

-Алардын ушундай фильм тартканында таң калыштуу эч нерсе жок. Орус киносунда акыркы 2 жылда байкалган тенденцияны карасаңар. Акча табылаары менен аскерий темадагы фильм тартышат. Былтыр режиссер Юрий Грымовдун “Жат адамдар” деген антиамерикалык тасмасын чыгарышкан.

Кабарчы айтып кеткен фильм жаңы дарыны сыноо үчүн мусулман өлкөлөрүнүн бирине барган америкалык доктурлар жөнүндө баяндайт. Анда америкалыктар мусулман маданиятына, үрп адаттарына кас адамдар, ал эми орустар сыпайы, жумшак, сый урматты билген эл катары көргөзүлгөн.

Гвахария бул эки фильм менен Кремль өлкөнүн саясий маданиятын Батышка каршы багытка бургусу келет деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG