Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Орусия: Улутчулдар тууралуу тасма убара тартууда


Орус бийликтери бул фильмдин көргөзүлүүсүнө тыюу салууну көздөөдө.

Орус бийликтери бул фильмдин көргөзүлүүсүнө тыюу салууну көздөөдө.

“Орусия 88” деп аталган көркөм тасма былтыр Берлиндеги кинофестивалда бет ачарын өткөргөн соң өлкөнүн өзүндө көргөзүлүп, бир катар сыйлыктарга арзыды. Бирок орус скинхеддери тууралуу баяндаган фильм ошол эле учурда айыптоолорго да кабылып, Орусиянын ашынган улутчулдар боюнча туруму олку-солку экенин да көргөздү. Фильмге эми экстремисттик чыгарма катары тыюу салынып калуусу да мүмкүн.

“Орусия 88” фильминде Москвада теги славян эместерге кол салып, анысын Интернетке жайгаштыруу үчүн видеого тартып жүргөн такырбаштар же скинхеддер бандасынын күндөлүк турмушу жөнүндө баяндалат.

Фильмдеги бир көрүнүштө алар орус башкалаасынын метросунда теги бөлөктөрдү “мителер” деп атап, сабап жатканы түшүрүлгөн. Фильмде ошондой эле Москванын улуту орус эместерди жээриген тургундары менен интервьюлар да камтылган. Айтор фильм бул көйгөйгө көптөн бери көз жумуп келе жаткан Орусиянын ашынган улутчул топторуна карата сейрек кездешкен, кээде катуу кооптондурган кинематографиялык көз карашты берет.

Фильмдин бет ачары былтыр февралда Берлин кинофестивалында өткөрүлгөн эле. Андан кийин Орусиянын көптөгөн шаарларында көргөзүлдү, атүгүл айрым сыйлыктарга ээ болду. Маселен Ханты-Мансийскиде өткөн “Дух огня” кинофестивалында эң башкы болбосо да, калыстар тобунун атайын сыйлыгына арзыса, өткөн айда эле Орусиядагы киносынчылар менен кинопрессанын “Жылдын окуясы” деген атайын сыйлыгын алды. Бирок ошол эле учурда Орусияда фильмди айыптагандар да болду жана айыптоолор көбүнесе бийлик тараптан чыгып жатат.

Маселен Самара облусунда, жергиликтүү прокуратура фильмди экстремисттик деп табуу өтүнүчү менен сотко доо арыз жолдогон эле. Анткени прокуратуранын эксперттери фильмде айтылган сөздөр менен билдирүүлөр улут аралык жаңжалды козутууга багытталган деген тыянакка келишкен эле.

Өткөн айда болсо Самаранын прокуратурасы соттон доо-арызын кайра чакыртып алып, мунун жүйөөсүн Башкы прокуратуранын талабы менен түшүндүрдү. Башкы прокуратура фильм боюнча комплекстүү экспертиза өткөрүү зарыл деп тапкан.

Фильмдин режиссеру Павел Бардин “Азаттык” радиосунун Орус кызматы менен маегинде бийликтер анын чыгармасын терең түшүнбөгөнүн, анын маңызы Орусиядагы улутчулдукту жаап-жашырбастан, ачык көргөзүү экенин белгиледи:

- Эгер кимдир-бирөөлөр бизден, маргиналдар жашыруун абалда ыңкылап уюштурууну көздөп жүрөт деп шектенишсе, жаңылышат. Биз башынан эле өкмөткө эч каршылыгыбыз жок, тескерисинче, биздин фильмди антиэкстремисттик максатта колдонгусу келгендердин бардыгына берүүгө даярбыз деп айтканбыз. Бизге бейөкмөттүк уюмдардын көбү кайрылса, мамлекеттик уюмдардын бирөө да келген жок. Бийликтер менен биринчи байланышыбыз, тилекке каршы, доо арыз берилгенден кийин болуп олтурат. Биз кызматташтыкты күтпөйбүз, бирок түшүнбөстүк да болбойт деген үмүттөбүз.

Режиссер Павел Бардин бул фильмин тартканга чейин Орусиянын интернет форумдары аркылуу аракеттенген ак жакалуу кылмышкерлерди иликтеген. Ал ошондой эле скинхеддер жасаган кылмыштарга мониторинг жүргүзүп келе жаткан көз карандысыз уюм - Москвадагы Сова борборунун кеңешчиси болгон.

Аталган борбордун эсебине караганда, өткөн жылы расалык негиздеги кол салуулардан Орусияда 71 киши көз жумду, 330тан ашуун адам жаракат алды. Бул - мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөн көрсөткүч. "Сова" борборунун өкүлү Галина Кожевникова “Орусия 88” фильми ашынган улутчулардын жасагандары боюнча көптөрдү кабардар кылганын айтат:

- Бул жөн эле көркөм картина, кай бир жери так, кай бирлери андай эмес. Бирок маселенин мааниси мында жаткан жок. Себеби нео-нацисттердин азыркы турмушу жөнүндө так портретти берүү фильмдин максаты эмес. Анын максаты - коомдун, жеке адамдын алдында проблеманы көтөрүү. Менимче бул милдетин фильм эң сонун аткарууда.

Өлкөдөгү театрлардын көпчүлүгү сезимтал маселе козголгондуктан “Орусия 88” деген тасманы көргөзүүнү буга чейин эле токтоткон. Эми Башкы прокуратуранын комплекстүү экспертизасынан соң сот фильмге каршы чечим чыгарса, ал экстремизм боюнча 2002-жылкы мыйзамга ылайык, өкмөт тыюу салган материалдардын тизмесине киргизилип калуусу мүмкүн.

"Азаттыктын" архивинен: Сербия: Улутчулдар цыгандарга каршы

Акыркы жылдары Сербияда теги цыгандарга кол салуулар күч алды. Бирок цыгандардын айрым лидерлери көзгө жылма расизмдин түрү өтө коркунучтуу болгонун ырасташат. ZMa.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG