Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Акын Эгемберди Эрматов дүйнө салды


Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов.
Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов.

Акын, драматург Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жакындары кабарлашты. Узакка созулган оорудан жабыркаган 66 жаштагы Эрматов 24-январда Бишкекте ооруканада каза болду.

Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган.

1979-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. «Кыргызстан маданияты», «Кыргыз руху» гезиттеринде «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.

Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, "Аксаткын менен Мырза уул" драмалык чыгармасын, «Мухаммед пайгамбар» деген дастанды жазган. Чыгармаларынын жети томдугу жарык көргөн.

2010-жылы Социал-демократиялык партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2013-жылдын былтыркы жылдын аягына чейин Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген.(BkA)

XS
SM
MD
LG