Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

Өткөн кылымдын 60-жылдарында адабиятка келген орустун талантуу жазуучусу Василий Аксеновдун сөөгү жерге берилди. Эки тилде жазган, балалыгы Татарстандын башкалаасы Казанда өтүп, жазуучу катары аты чыгып калган кезинде чет өлкөдөн башпаанек издеп, соңку жылдары Франция менен Орусияда жашаган кара сөз чеберинин бу дүйнөдөн кетиши менен улут адабиятынын өзүнчө бир доору жыйынтыкталды окшойт.

Жазуучунун ата-энеси Совет бийлигине эмгеги сиңген, социализм заманын алдыга сүрөгөн интеллигент, партиялык кызматкер, илмпоз адамдар болушкан. 30-жылдардын аягындагы сталиндик куугунтукка туш келип, болочок жазуучу алгач балдар үйүндө, кийинчерээк абасынын колунда эр жеткен.

60-жылдардын башында В.Аксенов дарыгерлик ишин таштап жалаң кагаз менен каламга күчүн чыгарып, жыл кур эмес ири прозалык чыгармаларын жарыялай баштаган. Ал өзү да кыйла жыл жаштардын сүймөнчүгүнө арзыган “Юность” журналынын редакциялык коллегиясында мүчө болуп, көпчүлүккө таанымал повесттерин ошол басылмада жарыялаган. В.Аксенов 1979-жылы москвалык адабиятчылардын аракети менен түзүлгөн “Метрополь” жыйнагына катышкан. Ага чейин эле коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө жүргөн жазуучу 1980-жылы Америкага кетүүгө мажбур болот. Чет жерде кыйла жылдар орус адабияты боюнча университеттерде дарс окуган. Эмгекчил кулда чарчоо жок. Чет өлкөдө деле В.Аксенов биртоп повесть, романдарын жарыялаган. Атүгүл чет жерде 1989-жылы “Yolk of the Egg” - “Жумуртканын сарысы” романын англис тилинде жазып, аны кийин Мекенине кайткан соң орусчага өзү таржымалаган. Совет бийлигинин жаалы кайтып калган кезде Василий Аксеновго жарандыгы кайтарылып берилген.

Чет жерде жүргөн чагында Василий Аксенов он жылдан ашуун “Азаттык” үналгысы менен кызматташып келген. 1960-жылдан бери жыл кур эмес кара сөз, драмалык чыгарма, буларга кошумча биртоп киносценарийлерди жараткан сүрөткердин чыгармачылыгы тууралуу пикирин сурап айрым адабиятчыларды кепке тарттык. Ошолорду чогуу угалы.

Адабиятчы Садык Алахандын пикири: - Көркөмдүгү, башка жагын айтпаганда дагы коомдун өзгөрүүсүнө элдин психологиясын өзгөрткөн чыгармаларды жараткан калемгер болду. Анын биртоп чыгармалары: “Иштелип кеткен бочка идиш” повести, “Крым аралы” романы, “Айтчы, жүзүм” жана башка чыгармалары айгинелеп турат. Иши кылып, ушулардын баары В.Аскеновду орус адабиятынын эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк адабияттын алдыңкы сабына алып чыкты.


Филология илим доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Осмонакун Ибраимовдун ырасташынча, В.Аксеновдун чыгармачылыгын “алтымышынчы жылдардын мууну” менен биргеликте кароо керек.

- Ошол 60-жылдардагы “оттепель – ала баар” шартынан пайдаланып, азыраак болсо да эркиндиктин, азаттыктын абасынан дем алып калды. Анан алар Советтер союзунун чыныгы ички дүйнөсүн ачып чыкканга, анын саясий-социалдык система катары көп кемчиликтери ачык алып чыккан жазуучулар мына ушулар болду.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов ошол 60-жылдары адабиятка келген муундун ордун баскан жаңы сүрөткерлер катарынан.

- 60-жылдары мындай болду да. Жаңы толкун башталып, Н.Хрущев жеке адамга сыйынуучулукту ашкерелеп, эркиндик бербедиби. Ошондо адабият катуу толкуп кетти. Ошол толкундун өркөчүндө кетишти. В.Распутин, Ю.Бондарев, В.Аксенов, В.Войнович, В.Беловдор ошондо чыгышты. Ошо кезде демократиянын жышааны көрүнө түшкөн.

Өмүрүнүн соңку жылдарында улуу жазуучу эки жерде Орусия менен Францияда жашады. СССР урагандан кийин анын чыгармалары Орусиянын өзүндө да көп нускалар менен жарыяланып, драмалары театрларда коюлуп, аларынын биртобу экрандаштырылып, коомдук сый-урматтарга татыды. Кийинки жылдары жазуучунун чыгармалары көркөм тасмаларга көчүрүлүп, кыйла жылдар куугунтукта жүргөн сүрөткердин чыгармачылыгы жаңыча аңдалууда. Жазуучунун көзү тирүүсүндө 90-жылдардын башында жазылган “Москвалык сага” үчилтиги боюнча узак кино тасма көрүүчүлөргө тартууланды.

Василий Аксеновдун бу жалганды таштап кетиши советтик адабияттагы өзгөчө доор 60-жылдардын жыйынтыгы болуп калды окшойт. Мындан бир жыл мурун ошол муундун дагы бир залкары, Совет өлкөсүндө жашап туруп эле системанын жарамсыздыгын ташка тамга баскандай таасын тартып берген улуу сүртөкер Чыңгыз Айтматов о дүйнө салган. Экөөнүн каргадай кезинде ата-энеси сталиндик катаал заман капшабына кабылып, боконосу ката электе ал системанын катаал жазасына туш келип, эки дүйнөдө эси-көөнүнөн кеткис сабак алышкан эле. Василий Аксенов каламдашы Александр Солженицын сындуу социалдык каршылыкты тайманбай көркөм иликтөөгө алган сүрөткерлерден болчу. Экөөнүн тең бактысы тоодой экен өздөрү каршы чыккан система талкаланып, кыйла жылдык мусапырчылыктан соң өз жерине кайтып келишип, сөөгүн өз эли-журту акыркы сапарга узатышты.
XS
SM
MD
LG