Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

2009 - жылы орусиялык-америкалык кайрадан жакшыра баштаган алакада биринчи маселе болуп ядролук куралдарды кыскартуу көрүнөт. 1991-жылы тараптар СНВ -1 келишимин түзгөнгө жетишкен. Ал келишим мөөнөтү үстүдөгү жылдын 5-декабрында бүтөт. Ошондуктан аны жаңылап түзүүнү өтө маанилүү кадам катары баалашууда.

Монтерей институтунун доценти Гордон М. Хан жазган макала The Moscow Times гезитине басып чыкты. Ал жерде Пакистан, а балким Индия эске алынбаганда жихад кыймылынын мүчөлөрү химиялык, биологиялык жана ядролук куралдарды колдонуп чабуул жасоого шарт бар. Андай куралдарды Орусиядан табуу мүмкүн деп жасылган.

Чынында эле 2007-жылы ноябрь айында чечендик жана Кавказдын башка аймактарынан чыккан жикчилдер «жихад бирикмеси» пайда болгон. Аны ошондо өзүн «Кавказ - Чеченстан эмиримин» деп атаган Доку Умаров айтып чыккан. Бүтүндөй Кавказ эмираты экенин жар салган. Анын эмиратына бул жагы Кара деңиз, тигил жагы Каспий деңизи жээгине чейинки мусулмандар жашаган жер кирет деген. Алдыга коюлган максат ошончо жерди Орусия үстөмдүгүнөн бошотуу деген. Ал ошону менен Кошмо Штаттары, Улуу Британия жана Израилге каршы жихад жарыялаган.

Түндүк Кавказда жихад таасири астында жаралган террорчулар эсеби бир нече миңге жетет. Алардын глобалдуу түрдө кармашып атыкан Аль-Каида менен тыгыз байланыш иш жүргүзөрү дайын болгон. 2004-жылдан бери алардын колунан Бесландагы мектеп окуучуларын барымтага алуу бар. Андан сырткары куралдуу федералдык аскерлерди, атайын кызматтагылар, милиция жана тургундарды жок кылуу эмдигиче болуп турат. Түндүк Кавказ боюнча ала келгенде жылына бир нече жүз кол салуулар болуп турары такталган. Исламдык жихад урааны астында кол салуулар Татарстан менен Башкортостанда да пайда болгон.

Ошондуктан Кошмо Штаттары менен Орусия биргелешип исламдык жихадка каршы күрөштү күчөткөнү оң. Анын биринчи кадамы болуп өзүн Кавказ эмиримин деп атап алган Умаровду террорчулук уюм тизмесине Америка кошушу эсептелмек. Андай кадам Москва үчүн чоң колдоо болот болчу. Андан соң талибдер менен болуп аткан Ооганстандагы чоң согушка америкалыктар Орто Азияда учактык базаларын калтырып турушун Орусия колдомок деп жазат.

Исламдык жихадды жок кылуу үчүн эки өлкө тең кызыктар. Ошондуктан чалгын жүргүзүү, баңгиликке каршы күрөш, аскерий машыгуу жана согуштук операцияларды жасоо бирге өтүш керек. Ал Борбор Азия – Пакистан фронтунда, Түндүк Азербайжан – Иран тилкеси аркылуу Кавказ тарапта согушту бирге колго алуулары пайдага чечилмек.

Орусияда жихад жарыялоо көндүм адатка айланып калганын Кавказ маселелери боюнча серепчи Руслан Кутаев айтат:

«Кадыровдун атасы (Ахмад Кадыров - ММ) кезегинде федералдык бийликке каршы жихад жарыялап, канча кишини баштап согушка кирген. Кийин мунапы жарылоо мүмкүн болгондо кийин мурунку оюндан жыдып, өзү согушка баштап кирген кишилерге каршы ок аткан» - дейт.
XS
SM
MD
LG