Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Кытай Москвадагы ишкер жарандарын коргоп жатат


Черкизов базары жабылды

Черкизов базары жабылды

Кытай Тышкы иштер министрлиги Москвада кармалган кытайлык ишкерлерге жана алардын эмерек-кечелерине этияттык менен мамиле кылуу талабын коюп, Россияга расмий кайрылуу жасады.

Кытай бийлиги Москвада Черкизов базарында иштеген өз атуулдарына колдоо көргөзүү аракетин жасай баштады. Синьхуа агенттиги Кытай тышкы иштер министринин өкүлү Цинь Ган айткан кептин: «Орусияда эмгектенип атышкан кытай ишкерлеринин кызыкчылыгы менен мыйзам чегиндеги укугун коргоо максатта орусиялык тарап менен биз тыгыз байланышта анын мындан ары өнүгүшүнө кунт коюп көз салабыз» - деген жерин мисал келтирет.

Эксперттер баамында Бээжин өз ишкерлерине Москва жасап аткан кысымга нааразы. Муну менен Бээжин: эгерде ишкерлерибиздин товарлары жоголуп же тонолуп алынса анда эл аралык сотко кайрылабыз деп атат дешет. Ошол эле учурда Кытай ТИМ өз атуулдарына да кайрылуу жасап, аларды мыйзам чегинен чыкпоого чакырган.

Баш калаанын миграция кызматын жетектеген Федор Карповец айтканга караганда, Черкизов базарында эмгектенип атып ишсиз калгандар ичинен үч миң мигранттын эки миңи ишке орношкон. Бир эле Лужники соода комплексине алардын 1200дөйү жумушка орношкон. Черкизов базарында иштеген үч миңдей чет элдик соодагердин эки миңдейи Москвага мыйзамдуу түрдө келишкен. Калганы мыйзамды бузуу жолу менен келип алышкан.

Кайсы бир серепчи баамында, Черкизов базарын текшерүү учурунда жашырын алып келинген 2 миллиард доллар баадагы кийим-кечек кармалган. Ал кийимдер Кытайда тигилген. Маселен, «Азаттыктын» кабарчысы Максам Ярошевский айтканга караганда:
«Текшерүү учурунда базардын кампаларынан эки миллиард доллар баага тете жашырын алынып келинген товар кармалган» - дейт.

Кызык жери, sina.com.cn сайты жазганга караганда, «орус бийлиги эми ал 2 млрд $ баадагы кармалган кийимди жаман тигилген кытай товары деген шылтоо менен соода тармактарына таркатып, арзан баа менен саттырып андан түшкөн пайданы өз чөнтөгүнө салмакчы».

Wangyi аттуу киши сайтка: «Орусия мындай аракети менен инвесторлорду үркүтөт жана «жакшы кошуна» деген атына шек келтирет», деп зазат.

Ал жерде жазылган сунуштарда, эгерде Орусия Кытай ишкерлерин чыгарып салат экен, анда Кытай бул жакка келип ээн-элкин пайда таап атышкан орусиялык аягы суюктарды чыгарып салуу керек деп жазат.

«China PRO» басылмасына Чэнь Шинэн жазганга караганда: «Товарды бажы бекеттерден алып өтүүдө 1990 жылдары орусиялык бийлик жөн эле алып өтүү эрежесин киргизген. Мыйзам бузган учурда да аны көрмөксөнгө салуу ошондо пайда болгон.

Кытайдын арзан товарын ичке көп алып кирип элин кийинтүүгө анда орусиялык бийлик муктаж эле» -деген. Ошол себептен өлкөдө айрыкча Кытай товары ар базардын көзүн кызартчу, дейт анализчи Вячеслав Поставнин.
XS
SM
MD
LG