Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Москвада Чыңгыз Айтматовдун жылдыгы алкагында дагы бир эл аралык симпозиум өттү. Аны Кыргыз-орус Славян университети менен Москвадагы Горький атындагы адабий институт биргелешип өткөрүштү.

«Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү: кызматташуу жана маданияттар алым сабагы» деп аталган жолугушууга аттуу-баштуу адабият таануучулар менен жазуучулар катышты. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча негизги кеңири кепти академик Абдыганы Эркебаев айтты. Жазуучулар арасында көптү көргөн көсөм атанган Эркебаевдин чейрек саатка созулган кеби көлөмү жагынан аз, шааниси жагынан саз чыкты. Ошол себептен кийин чыгып сүйлөшкөн айтылуу адабиятчы Николай Анастасьев, жазуучу Сергей Есин, акын Алекандр Рекемчук жана башкалар кыргыз сынчысынын ой жоруусуна шилтеме берип кетип атышты.

Жыйын үстүндө чыгып сүйлөгөндөрдүн кеби Айтматовдун адабий мурасы жана жазуучунун залкар өмүр жолу жөнүндө болду. Адабий инститтун ректору Борис Тарасов үстүнө чепкен жаап, башына калпак кийгизүү каадасынан соң мындай деди:

- Чыңгыз Төрөкулович Айтматов окуган институтта анын элесине арналган симпозиум өткөрүлүп атат. Бул иш чаранын эки жактуу мааниси бар. Биринчиден, биз Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармачылыгын терең ызаттай турганыбызды, урматтаарыбызды билдиргибиз келет. Ошондой эле Кыргыз-орус Славян университети менен бирдикте бул иш чараны өткөрүү – жазуучунун чыгармалары жана өмүр жолун эскерип өтүү. Кептин жакшы мааниси менен айтканда, анын чыгармаларын, анын мүдөөсүн, айкын ойлорун үгүттөө. Эмне дегенде Айтматовдун чыгармачылыгы, мүдөөсү жана акыл-ою азыркы тушта, менин баамымды, мурдагыдан да олуттуу мааниге ээ болууда.

Симпозиум этегинде Кыргыз-орус Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" мындайча сүйлөп берди:

- Бул адабий институт дүйнөдөгү жалгыз ушундай жогорку окуу жайы. Ушул жерде Чыңгыз Айтматов 1956-жылы угуучу болуп окуп атканда "Обон" повестин, андан кийин "Бетме-бетти" жазган. Чоң чыгармачылык жолу ушул окуу жайынан башталган. Дүйнөлүк классика менен таанышкан, улуу профессорлор лекцияларын уккан. Ошондой эле бул окуу жайдан кыргыздын кыйла жазуучулары билим алышкан. Ошондуктан адабий институтту биздин таланттардын алтын бешиги десек болот. Бүгүнкү бул окуу жайда өткөн симпозиум – ушул институт ректоратынын, окумуштууларынын Айтматовго болгон зор ынтаасы, зор таазими. Олтурумда жыйырмага жакын доклад болду. Кыргызстандан келишкен окумуштуулар, филологдор чыгып сүйлөштү. Бул жерде иштеп аткан мекендештер, элчилер катышты. Андан сырткары орусиялык окумуштуулар, айрыкча, бул институттун мурунку ректору Сергей Есиндин доклады, Орусиянын мурунку маданият министри Евгений Сидоровдун доклады, Айтматов менен шериктеш болгон жана тааныш окумуштуулардын сүйлөгөн сөздөрү абдан кызыктуу болду. Мен ойлойм, бул Айтматовдун экинчи өмүрү уланып жатат. Эки жумадан кийин Айтматовго 81 жашка толот экен. Адам үчүн бул узак жаш. А генийлер үчүн бул өспүрүмдүн жашы - себеби генийдин өмүрү жүз жылдык миң жылдык өлчөм менен ченелет.

Тилекке каршы, Кыргыз делегациясына мүчө болуп келген профессор Абдыкадыр Орузбаев Москвага келгенде күтүүсүз жерден каза болуп, анын сөөгүн ошол симпозиум өткөн күнү Бишкекке алып кетишти.
XS
SM
MD
LG