Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Орусияда Ыйсанын туулган күнүн майрамдашты


Москвадагы Христос Куткаруучунун чиркөөсү аталган чокунуучу жайда 6-декабрда түнү Кудайга табынуу болуп, аны митрополит Кирилл өткөрдү. Кудайга таат кылуу үчүн келген эки миңдей динге ишенгендер арасында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев да болду.

Кирилл ал жерде мамлекет жетекчисине экономикалык кризисти жеңүүдө руханий кайраттуулук каалап, бардык динге ишенгендерди сыноо алдында чыдамдуулукка чакырды.

Орусиялык ортодокстор чиркөөсүнүн убактылуу жетекчиси Кирилл 6-декабрь түнү динге ишенгендер алдында Ыйсанын туулган күнүнө байланыштуу айткан жарыясында: “Орусияга экономикалык кыйынчылык келатат, ошон үчүн Кремлге тээк бол деп, Кудайга кайрылалы”,- деди.

Митрополит Кирилл (демейдеги ысмы Владимир Гундяев) өлкөдөгү эң ири чиркөөнү патриарх Алексий Экинчи былтыр декабрда кайтыш болгондон кийин башкарууда. Кызык жери, Кирилл куду Медведев менен Путин айтып келаткан ойду кайталап: “Кризис Орусиядан башталган жок, аны Батыш жугузду”,- деп айтты.

Орусия сыяктуу башка кыйла өлкөдө да ортодокс христиандар Ыйсанын туулган күнү катары 7-январды майрамдашат. Ошол эле православие дининин башка бутагы жана христиандык бөлөк диндер Ыйсанын туулган күнү деп 25-декабрды эсептешет.

Москвалык Чиркөөлөр биримдиги академиясынын бүтүрүүчүсү Сүйөрбек Орунбаевдин айтымында, илгери бир мамлекет Юлиандык календарды кабыл алган, башка мамлекеттер Григориандык календарды кабыл алышкан. Ошондо алардын арасында эки апта айырма пайда болгон. Ошон үчүн католиктер дүйнөсү Ыйсанын туулган күнүн 25-декабрда майрамдашат.
XS
SM
MD
LG