Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Орусияда 15-мартта Владивосток шаарында бийликке каршы массалуу түрдө көчөгө чыгуу акциясы өттү. Ага миңдей киши катышып, алар шаардын башкы көчөсү менен жүрүш жасап, митинг өткөрүштү. Андан бир күн мурда Орусиянын 40дай шаар-кыштактарында «Элдин каары» аталышта көчө акциялары болгон.

Азаттыктын» кабарчысы Марина Слобода билдиргенге караганда Владивосток шаарында жүрүшкө чыккандар азык-түлүк баасы менен турак-жай үчүн төлөнчү акынын кымбатташына нааразылык билдиришти. Андан тышкары 1-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууну, ошондой эле «Бирдиктүү Орусияны» каражат менен камсыз кылган кайсы булак экенин тактоону талап кылышты.

Орусиялык аймактарда 14-мартта да «Эл каары» аталыштагы акциялар өткөн. Аны бийликтин уруксаты менен өткөрүшкөн. Көчөгө чыгууну уюштурган партиялар көз карашы жагынан оң-сол болуп бөлүнүшсө да акцияга бирге чыгышкан.

Экинчиден алар жалаң эле социалдык – экономикалык багытта эмес, саясий багыттагы да «Бийлик – элдин көзөмөлүнө!» чакырыгын көтөрүп чыгышкан.

Москвада өткөн акция саясий шааниге ээ болгон. Ордо калаа бийлигине каршы багытталган ал митингге миңдей киши катышкан. Шаар башчыны кайра шайлоо үчүн референдум өткөрүү талбы коюлган.

«Эл каары» акциялары өлкөнүн ондогон шаар жана элет жерлеринде өттү. Аларда атуулдардын бийлик жүргүзүп аткан саясатка нааразылык билдирилген.

Маселен, жакында губернатор болуп шайланган мурдагы Оңчулдар күчтөрү союзунун жетекчилеринин бири Никита Белых башкарган Киров обулусунун Слободской шаарында үч миңге чукул киши көчөгө чыгышты.

Алар койгон талап: турак-жай акысы менен азык-түлүк баасынын кымбатташын алып салуу болгон. Ошондой эле алар Орусиянын президенти менен премьер-министрин, жергиликтүү бийлик ээсин кызматтан кетирүү талабын коюшкан.

Бүткүлорусиялык «Тилектештик» кыймылынын уюштуруу комитетинин мүчөсү Дмитрий Катаев айтканга караганда: «Кризис учурунда да Орусияда авторитардык режим ыгы менен бийлик жүргүзүү уланып атышы кимди болбосун нааразы кылат».

Былтыр 20-ноябрде мамлекеттик сыналгыдан өкүмөт башчы Владимир Путин «Биздин өлкөдө буга чейин учураган коллапс кайталанбашы үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз» деген болчу.

«Газета.Ру» жазганга караганда, «Эл каары» акциясына катышкандар арасынан Москвада 20дай киши кармалган, бирок алардын кай бирлери ошол эле 14-март күнү үйлөрүнө кое берилген. Ал эми баш калаанын полиция күчтөрүнүн маалымдашынча «уруксаты жок көчөгө чыгышкан «оппозициялык топ» арасынан 10дой гана киши кармалган».

Санкт-Петербургда оппозиция уюштурган бириккен күчтөр акциясы күч органдары менен кагылышуусуз , тынч өткөн.
«Башка Орусия» кыймылынын активдери айтканга караганда азыр өлкө болуп көрбөгөндөй терең кризистин кучагында.

Андай жагдайдын пайда болушуна азыркы өкүмөттүн социалдык-экономикалык маселелерди чече албашы себепкер болду. Ал эми «Тилектештик» кыймылынын мүчөсү Павел Шайкин баамында оппозиция максаты өзгөрүлгөн жок. «Биз өкүмөттүн кызматан кетишин жана адилет шайлоо өтүшүн талап кылабыз» - дейт.

"Левада борбору" таркаткан маалыматта азыркы тушта орусиялыктардын 60 пайызы кризистин айынан нааразылык билдирип көчөгө чыккандарды колдойт. Өздөрү да чыгууга даярбыз дегендер эсеби 23 пайызга жеткен.
XS
SM
MD
LG