Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Орусия менен Евробиримдик мамилеси качан жемишин берет?


Солдон оңго: Европалык кеңештин президенти Херман ван Ромпей, Россия президенти Д. Медведев жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Маннуел Баррозу. Ростов-на-Дону, 8-июнь 2010-жыл

Солдон оңго: Европалык кеңештин президенти Херман ван Ромпей, Россия президенти Д. Медведев жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Маннуел Баррозу. Ростов-на-Дону, 8-июнь 2010-жыл

Брюсселде Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү 8-июнда тышкы саясатта Маскөө менен кызматташуу жөнүндө сунушту талкуулашты. Андай сунуш саал мурдараакта немис канцлери Ангела Меркел жана орусиялык президент Дмитрий Медведев кол коюп бышыкташкан эскерменин (меморандум) арибине кошо жазылган болучу.

Орусия менен Евробиримдик саммити жылына эки жолу болуп турат. Жакында Ростов-на-Дону калаасында өткөн олтурум ошондой жолугушуунун кезектегиси болду. Бир айырмасы ал саммит Лиссабон келишими бекигенден кийинки алгачкы жолу өттү. Лиссабон келишими, демек, Евробиримдиги жаатына кирген өлкөлөр алдында бир түзүлүштөгү чогуу бийлик жүргүзөлү ыгына көнүшкөндө ошого макул болуп түзүлгөн келишим. Ошондон тарта бүт Европалык өлкөлөр бир мамлекеттей ык менен жашоо тартибине өтүшкөн.

Жыйырма жылдан бери Европа Биримдиги менен Орусия чукулдашуу аракетинде. Улам Брюссел жаңы талап коюп, ага Маскөө карама-каршы келген ык таап, өз кызыкчылыгын коргоп келет. Ростов-на-Донуда өткөн саммитте ошондой айла-амал издөө ордуна Брюсселди кайра өзүнө жакындатуу далалаты байкалды.

Ал жерде президент Д.Медведев соода, энергия кубатын өндүрүү баш болгон талаш маселелерди Орусия кайра карап чыгууга даяр деп айтты. Ошондуктан Маскөө өнөктөштүк кадырын биле баштады, алака европалыктар менен оңолсо эми оңолот деп жорушту эксперттер.

Бирок көңүл табышуу багытында дагы да күмөн санаткан жерлери бар экенин финн эл аралык институтунун адиси Аркадай Мошес белгилейт:

- Фактыга карай келгенде, Орусия Европа жана Евробиримдиги менен жакындашпай эле, нормативдик жана саясый багытта андан кайра алыстап баратат.

Маскөөнүн максаты НАТОну алсыратуу, ошондуктан ага мүчө өлкөлөрдү коркутуп-үркүтүүнү коюш керек дешет батыштык серепчилер. Ростовдогу олтурумда ага да жооп айтылган. Андай жышаан катары Медведевдин «Орусия менен тыгыз байланышта Евробиримдиги гана эмес, Кошмо Штатары да болушу зарыл» деген кебин эми талдоочулар бетке кармашууда.

Кантсе да Орусия менен ЕвроБиримдиги бири экинчисин карай жылышы дурус деген эксперттер жокко эсе. Маселен, (МГИМО) Маскөөдөгү эл аралык катнаш институтунун окутуучусу Алексей Тэвдой-Бурмули анда өзгөчө себеп жатканын айтат:

- Орусия менен Евробиримдик кызыкчылыктары ар башка. Ошондуктан алардын алакасы кандайдыр бир чендин тегерегинде гана айланууда.

Орусияны кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып аткан маселелер Кремлдин Украина менен Грузияны уйпалап, аларды өзүнүн таасири астында кармоо үчүн болуп аткан аракеттери. Европалыктар аны көрмөксөнгө салып кое албайт. Ал эми Түндүк Кавказ жана өлкөнүн ички жашоо шартында адам укугунун тепселип атышы да аларды тынчсыздандырбай койбойт.

Серепчилер арасы Маскөө менен Берлин алакасы абдан ынак экенин белгилешет. Ошого да карабай, бири-бирине карата айтып аткан доомат дагы эле көп. Кремл бийлиги коюп келаткан кине Германияда «чечен саясый качкындардын» жүрүшү болсо, ал эми Берлин койгон кине – Орусияда адам укугунун тебеленип атышы болууда. Бирок эки мамлекет ортосунда бири айткан кепти экинчиси укканга чейин жетип калган алака Брюссел менен Маскөө ортосунда али жок дешет.
XS
SM
MD
LG