Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Эстония өкмөтүнүн компьютерлерин шал кылууну кимдер уюштурду?


"Наши" жаштар кыймылынын каршылык акциялары
"Наши" жаштар кыймылынын каршылык акциялары

2007-жылы Эстония жогорку бийлигинин компьтерине кибердик чабуулду «Наши» деп аталган кремлдик жаштар кыймылы уюштургандыгын ушул күндөрү мойнуна алган. Ошол кыймыл мүчөсү Константин Голоскоков билдиргенге караганда, эстониялык өкмөттүн вебсайтын талкалоону ал жана анын жолдоштору нааразылык акциясы катары ишке ашырышкан.

Андай окуя 2007-жылы апрель айынын этеги май айынын жакасында, Таллинде экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон советтик жоокердин айкелин башка жайга көчүрүп аткан күндөрү болгон. Ошондо капилеттен эле Эстония өкмөтүнүн сайттары шал болуп иштебей калган. Андай кибер чабуул өлкөнү чет мамлекеттер менен байланыштырбай бөлүп салган.

Ошол чабуулду биз жасаганбыз деп кремлдик «Наши» жаштар кыймылынын өкүлү Константин Голоскоков бул күндөрү «Азаттыктын» кабарчысы Хлоя Арнольдго (Chloe Arnold) айткан. Анын айтымында, Эстониянын борборундагы паркта орнотулган советтик жоокердин айкелин көрүстөнгө көчүрүү чечимин кабылдаганы үчүн эстониялык өкмөткө нааразылык билдириш үчүн жасашкан. Ал чабуулду кантип уюштурганын Голоскоков мындайча чечмелейт:

«Ар кимибиз өзүбүздүн компьтерлерибизди, байланышыбызды пайдаландык. Баарыбыз жети киши элек. Бирок алардын ар бири дагы өз тааныштарын бул ишке тартышты, баш-аягы жүздөгөн компьютердин бир учурда жасаган сокку болду».

Эстониянын ТИМ жетекчиси Урмас Паэт билдиргенге караганда, орусиялык хакерлер апрелдин этегинде Эстониянын мамлекеттик сайттарына, анын ичинде президенттин кеңсесине чабуул жасашкан. Андай экени IP даректер аркалуу такталды деген.

Ага жоопту орусиялык президент маалымат кызматы жетекчилеринин бири Дмитрий Песков «кибердик террорчулукка мамлекет аралашуусу такыр мүмкүн эмес» - деп айыптоону четке каккан.

The Guardian басылмасы «Эгерде ушул кол салуунун артында Орусия турганы далилденсе, анда бул бир мамлекеттин экинчи мамлекетке каршы ачкан алгачкы кибер-согушу болот» - деп жазып чыккан.

Таллиндеги «компьютердик согуш» НАТО жетекчилигин чукул чара көрүүгө мажбурлаган. Брюсселде кабыл алынган долбоор боюнча Германия, Испания, Италия, Латвия, Литва, Словакия жана Эстония андай чабуулга туруштук бергидей борбор ачкан.

Айтылуу саясий серепчи Владимир Прибыловский айтканга караганда, эгерде ал уландын Эстонияга компьютердик чабуул жасаганга чындап эле тийиштиги бар болсо, анда ага кимдир бирөө каражат берген. Андай акча же федералдык бюджеттен же кайсы бир ишкер чөнтөгүнөн болушу мүмкүн. Бирок өлкөлөр арасына от жакканы үчүн эми аны эч ким соттой албайт дейт Прибыловский мырза:

«Аны, дегинкиси бийликке жаккан ишти кылып аткан Голоскоковду ким жазалай алат?» - деп бул аракеттин артында саясий шаани жатканын кыйытат.

Баса, ал күндөрү Таллинде шек санаткан эстониялык студент Дмитрий Галушкевичти кармашып, миң евродон артык айып пулга жыгышкан.

29 мартта «Information Warfare Monitor» сайты таркаткан кабарда очогу Кытайда жайгашкан электрондук тыңчылык тармагы табылган. Ал тармак 103 мамлекеттеги 1.300 компьтер менен байланышып иш алып барганы такталган.

Хакерлер бутага алган сайттар тибеттик лидер Далай Лама жана анын бозгундагы өкмөтүнүн сайттары болгону айтылат.

XS
SM
MD
LG