Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Орусиянын ар кайсы шаарларында 7-ноябрда Октябрь революциясынын 91 жылдыгы белгиленди. Москвада коммунисттик партия демилге көтөрүп, ага кайсы бир солчулдар кошулуп уюштурулган эки митинг, жүрүштөр болду.

Орусияда Октябрь ыңкылабынын дүйнө жүзү билерлик тарыхый окуя болгонун талдоочулар айтышат. Ошого карабай анын мааниси ошончолук терең дешке орусиялык коомчулук арасында бир пикир жок экенин да белгилешет. Ошол себептен, маселен, француздардын Бастилия күнүн майрамдаган сыңары орусиялыктардын бүт коомчулугу аны майрамдай албашын айтышат.

Анын тарыхый мааниси бар, жер жүзүндө башка элдер билген «атагы» болгону менен Октябрь майрамы дегенде жарандар эсине алды менен Ленин, Сталин келерин айтышат.

Жаңы жашоонун эки тизгин бир чылбырын уучтап турган Путиндик башкарылма демократия атка минерлери, кантсе да ушуну түшүнүп, 4-ноябрды Элдердин жарашуу күнү деп атап салышты. Бирок турпатында саясий түшүнүк жаткан ал майрамды эл барк алган жок. Ал ошол үчүн улутчулдар, шовинисттер жана «Бирдиктүү Орусия» майрамы болуп калды дешет.

Мындан 91 жыл мурда Петрограддагы бийлик алмашуунун «тарыхый жаңылыштык» болгонун интернет чагылдырууда. Ал жолку төңкөрүш жакшылап уюшулбаган деп жазат. Советтик тарыхта айтылып жүргөндөй, «эл көтөрүлүп, большевиктерди колдоп, 7-ноябрда кышкы сарайга чабуул жасап, аны бошотту» деген кеп жалган экен. Ал күнү большевиктер элди чабуулга үндөгөн экен, бирок эч ким аларды колдобой койгон. Ошондон соң большевиктер 8-ноябрда ал кездеги таасири күч эсерлер партиясынын колдоосун тапкан. Ошондон кийин убактылуу өкүмөт кызматтан түшүп берген экен.

Убактылуу өкүмөттүн жүүнү абдан бош болгон. Маселен, аны колдоого алган жалгыз Орусия үчүн жанымды садага чабууга даярмын деген юнкерлер корпусу болгон. Кийин аларды да куралын таштап матросторго баш ийип берүүгө буйрук бердирткен убактылуу өкүмөт болуптур. Ошондон соң юнкерлер корпусунун дээрлик көпчүлүгүн матростор кырып салышкан. Утурмдук өкүмөт, көрсө, бийликтин кан төгүүсүз башка колго өтүшүн каалап жаштарды багындырып берген экен дешет...

Айта кете турган кеп, бул жолу Маскөөдө жүрүшкө чыккан коммунисттер арасында жаштар арбын болгон. Коммунисттик жаштар активдери болуп оозго кирип калган уюмдун лидери Сергей Удальцов: «7-ноябрь - биз үчүн социалисттик октябрь майрамы болуп эсептелет, биз ал күндү ушундай кабылдайбыз» - дейт.

Бүткүлорусиялык коомдук пикирди изилдөө борбору (ВЦИОМ) Орусия федерацисынын 140 айыл-кыштагында жүргүзгөн талдоосунда 7-ноябрь күндү сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири ыңкылаптык майрам деп эсептешет. Калктын 32 пайызы ал күндү эски майрам деп түшүнүшөт. Ал эми сурамжылоого катышкан жаштардын 16 пайызы 7-ноябрды Элдердин жарашуу күнү деп эсептешкен.

Анализчилер чөйрөсү болсо бул күнү Орусияда кандай гана шаан-шөкөт, майрам өткөрүлбөсүн, аны көпчүлүк Октябрдин 91 жылдыгынын урматына өткөрдү деп түшүнүштү.

XS
SM
MD
LG