Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Чеченстандагы согушкерлердин чабуулунан алты аскер мерт кетти


Орусиянын Улуттук гвардиясынын аскерлери машыгуу учурунда.
Орусиянын Улуттук гвардиясынын аскерлери машыгуу учурунда.

Чеченстандагы Наурская станциясына жакын жердеги аскерий бөлүккө жасалган кол салуудан Орусиянын Улуттук гвардиясынын алты аскери мерт кетти. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазды.

Кабарларга караганда, согушкерлердин тобу 24-мартта, түнкү 2.30дарда коюу туман каптап турган кезде чабуул коюшкан.

ТАСС агенттигинин жазышынча, алты аскер кагылышуу маалында мерт кеткен, жараат алгандар да бар. Кол салган алты согушкердин баары жок кылынды. Алардын бирөөсү да аскерий бөлүктүн аймагына кире алган эмес.

Бул соңку эки жыл ичинде Чеченстандын аймагында жүргүзүлгөн эң ири кол салуу.

2014-жылдын декабрь айында Орусияда тыюу салынган “Имарат Кавказ” радикал уюмунун согушкерлери полиция бекетине кол салышып, 14 полиция өлгөн.

XS
SM
MD
LG