Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Мeдведев тушунда авторитардык бийлик чыңдалабы?


Орусиянын Мамдумасы 21-ноябрда президент Дмитрий Медведев сунуштаган Баш мыйзамга оңдоолорду киргизүүнүн үчүнчү окулушу жактырды. Ага ылайык президенттин шайлануу мөөнөтү төрт жылдан алты жылга, Думага депутаттардын шайлануу мөөнөтү төрт жылдан беш жылга узартылмакчы.

Орусияда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилишин саясатчылардын кыйласы Владимир Путиндин бийликке кайтып келиши үчүн жасалып атат дешет. Жок, андай эмес дегендер божомолунда болсо, дүйнөлүк деңгээлде карамай баасы ылдыйлап атат, рубль наркы кете баштады, алтын жана баалуу кен казынасы бөксөрүү үстүндө, ошондуктан элдин ишеними бийликтен качууда. Путин-Медведев тургузуп алышкан так, кой десең да болбой, өзүнөн өзү урап жоголот.


Өлкөдө жаңы уюшулуп аткан «Тилектештик» кыймылы таркаткан жарыяда: «Азыркы бийликтин Орусияны ар кыл шылтоолор менен өмүр бою башкарышына, аны артта калган үчүнчү сорттогу мамлекеттер катарына кошуп, авторитардык өлкөгө айлантуусуна каршыбыз» - деп айтылган.

Бул күндөрү Freedom House чыгарган жыйынтыкта да «Медведев тушунда авторитаризм сакталууда» - деп айтылат. Жарандык жаатты режимдери тумчуктуруп, жок кылууга бет алган 12 өлкөнүн бири болуп: Иран, Зимбабве, Алжир, Кытай, Өзбекстан, Венесуэла, Пакистан, Египет, Малайзия, Казакстан жана Колумбия катарында тизмеге кирген.

Эл аралык адам укугун коргоочу ал уюм Орусияда мындай жагдайдын пайда болушуна азыркы өкмөт башчы Владимир Путин жоопкер экенин белгилейт. Ал бийликте турган 8 жыл ичи өлкөдө адам укугун кысымга алуу көндүм болуп кеткен. Атуулдардын өз эркинче чогулуш өткөрүүсү, саясий өңүттөгү өкмөттүк эмес уюмдардын ишкердиги үстөккө босток кууп таркатылып турган.

Ал эми мурдагы советтик республикаларда «түстүү ыңкылаптар» чыга баштагандан соң, 2006-жылы Орусияда кабыл алынган мыйзамдан соң андай уюмдар ишкердиги кескин чектеле баштаган. Натыйжада кийинки эле эки жыл ичи Орусиядагы 216 миң коомдук уюмдардын эки миңден ашууну жабылып калган.

«Коммерсант» белгилегендей, Freedom House уюму быйыл биринчи жолу орусиялык кайсы бир ишканаларда иш таштоо кандайча өтүп аткандыгын чагылдырган. «Бийлик мурда Орусиянын коомдук акцияларын дээрлик кууп таркатып келаткан. Ал эми эркин профсоюздар ишкердигин бийлик үзбөй кысым көрсөтүү жолу менен жана иш таштоочулар жетекчилерин, сары изине чөп салып көзөмөлдөө жолу менен аларды иш таштоого катышкан жумушчулардан бөлүп салуу чараларын колдонуу ачык эле жасалууда».

Мамдуманын эл аралык маселелер боюнча комитетинин жетекчиси Константин Косачев айтканга караганда: «Азыр Орусияда адам укугу социалдык-экономикалык же саясий жагдайда болсун советтик же орусиялык кездегиге салыштырганда мыкты эле корголууда».

Ал эми жазуучу Валентин Оскоцкийдин баамында президенттик мөөнөттүн узартылышы бийликте узагыраак калуу үчүн эле изделген амал: «Мен бул жерден президенттик бийликтин авторитардык жолго өтүү тенденциясынын күч алганын көрүп турамын».

Орусиянын Баш мыйзамы 1993-жылы 12-декабрда кабыл алынгандан кийин ага оңдоо киргизиле элек болчу.

XS
SM
MD
LG