Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Д. Медведев: Агрессорго акесин тааныткыдай сокку урулат


Кызыл аянттагы аскер парады

Кызыл аянттагы аскер парады

Орусияда 9-Май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын белгилешти. Москвада өткөн парад учурунда президент Дмитрий Медведев сөз сүйлөп, фашизмди жеңүү «бардык элдер үчүн улуу сабак болду» деди.

Советтик жоокердин фашизм бийлигин кулатып, анын ордо калаасы Берлиндин чокусуна туу сайган күндү белгилөө Орусияда кийинки 18 жыл ичи – СССР кулагандан тарта - өксүк болуп калган. Ошого карабай, бул жолу параддын мыкты даярдыкта өткөнүн анализчилер белгилешет.

Согуштук техника негизинен: танк, ракета жана учактан турду. Бир жери алардын советтик кездеги эле куралдар экенин серепчилер кеп кылышат. Орусия бийлиги согуштук техниканын бир гана жаңы түрүн көрсөтө алды дешет.

Ал С-400 системасы б.а. абадан болуучу чабуул учурунда башка жактан атылган ракетанын жолун тороп барып тийүүчү огу бар курал экен. Ушундай коргонуу системасы менен 2007-жылы ордо калаа Москваны чулгатып койгонун айтышат. Аны көп жагынан америкалык «Патриот» ракеталык система менен окшош дешет.

Отставкадагы адмирал Александр Побожныйдын баасында С-400 куралы америкалык «Патриотко» салыштырганда артыкчылык жагы бар. Бирок андай система менен Орусиядай жери кең өлкөнү коргоо эч мүмкүн эмес. Аны массалуу түрдө чыгаруу көп каражатты талап кылат жана мээнети күч. Ошондуктан ал курал согуштук баланска кошулбайт.

Парад учурунда өлкөнүн президенти Дмитрий Медведев сөз сүйлөдү:

«Фашизмди жеңүү – бардык элдер үчүн улуу сабак, улуу мисал. Ал сабак азыр да согуштук тобокелге салгандар бар кезде өз маанисин жоготкон жок, - деди Медведев.-Биздин атуулдарга каршы жасалчу ар бир агрессия өзүнө жоругуна жараша сокку жейт».

Көз карандысыз согуштук анализчи Павел Фельгенгауэрдин айтымында, СССР куралын чыгарууда темир-тетиктерди мурдагы советтик республикаларда – анын бири Кыргызстанда – жасатчу. Алар азыр эгемендикке жетип, өз алдынча мамлекет болуп кетишти.

Ал эми Орусиянын өз жериндеги согушутук өнөр жай комплексттеринде өндүрүмдүүлүк жок. Жаштар айлыгы аз деп андан качышат, орточо эсеп менен алганда аларда 60 жаштагылар жумуш иштешет. Ошол себептен кийинки учурда Москва батыштан «ноу-хау» согуштук системаларды сатып ала баштады.

«Өткөн айда Орусия, маселен, Израилден ичинде кишиси жок учуп, асмандан чалгын жүргүзчү учактарды сатып алды» - дейт Павел Фельгенгауэр.

Экинчи дүйнөлүк согушта Советтер Союзунан курман болгондор эсеби ырасмий түрдө 27 миллионго чукул деп жүрүшөт. Андан арбын дегендер да бар.
XS
SM
MD
LG