Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Жыйырма жылдан кийин Ала-Тоодо ким калат?


Москвада иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын бир бөлүгү

Москвада иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын бир бөлүгү

Эмгекке жарамдуу эр-азаматтар, кыз-келиндер жапырт Орусия жарандыгына кирип жатканы кыргыз коомчулугун убайым ойго салууда. 2003-жылдан бери 240 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Бул көрүнүш ушундай темп менен жүрүп отурса, жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын паспортун көтөрүп Ала-Тоодо ким калат деген беймаза суроо чыгууда.

Ал эми Россиянын миграциялык кызматынын маалыматы боюнча, 2008-жылы 43 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алган. Ал эми 2009-жылдын он бир айында эле 41 миңден ашуун адам орус жарандыгына өткөн.

Кыргызстандык жарандар эки тараптуу келишимдин шарттары боюнча Орусиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн шартта алып келатышат. Соңку жылдары Орусияда эмгек мигранттарына киргизилген квоталардын кыскарышы орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын катарын калыңдатты.

Эмгек, жумушка жайгаштыруу жана миграция министри Айгүл Рыскулованын айтымында, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар бир эле учурда Кыргызстандын дагы жарандыгын сактап кала алышат:

- Бүгүнкү күндө өзүңөр билесиңер, Россияда ишке уруксат алуу абдан кыйын. Квоталар кыскарып жатат. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жерлери бар. Биздин келишим боюнча кыргыз жарандары орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен алат. Ошол эле кезде биздин Конституцияда башка мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, Кыргызстандын жарандыгын сактап калат деген берене бар. Ошого жараша, алар азыр жарандык алып жатат. Ошол эле убакта Кыргызстан жарандыгынан чыккан жок.

Ошентсе дагы калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү башка өлкөгө кетип жатканы келечекте мамлекетте олуттуу проблемаларга алып келери жөнүндө тынчсызданууларды парламент депутаттары билдирип жатышат. “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Автандил Арабаев 25-февралда парламент отурумунда мына ушундай көрүнүшкө кейип сүйлөп, Орусия жарандыгын алган кыргыздар кайтып келген учурда алардын укуктарын чектөөлөр болбошу керек экендигин баса белгилеген.

Ушундай темп менен биздин жарандар башка өлкөнүн жарандыгын алып жүрүп отурса, жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын паспортун көтөргөн бир да кыргыз калбайт экен.
А. Шакиров
Кыргызстандыктардын жапырт түрдө Орусия жарандыгын алып жатышы ушундай темп менен жүрүп отурса келечекте мамлекеттин өзүндө чоң көйгөй чыга тургандыгы көп эле айтылып келатат. Москвадагы кыргыздардын “Кыргыз биримдиги” уюму 2008-жылы Президент К. Бакиевге жолдогон кайрылуусунда дал ушул маселени козгогон болчу. Аталган уюмдун жетекчиси Абдыганы Шакировдун айтымында, Орусиянын жарандыгын алуу менен иш таап, акча таап жеке адамдар турмушун оңдоп алып жатканы менен экинчи жагынан кыргыз мамлекетинде жыйырма жылдан кийин кыргыз паспортун көтөргөн кыргыздар калабы деген кабатыр суроо бар:

- Бир жагынан биздин жарандар жакшы жумушта иштешип, жакшы айлык алып иштеп жатышат. Бирок экинчи жагынан, ушундай темп менен биздин жарандар башка өлкөнүн жарандыгын алып жүрүп отурса, жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын паспортун көтөргөн бир да кыргыз калбайт экен.

Кыргызстандын экономикасы кыйынчылыктан чыгып, жумушчу орундар көбөймөйүнчө бул процесс токтобой тургандыгы калетсиз. Жакшы жашоо издеп Кыргызстандан эл кетип жаткан менен бул жакка өз ырыскысын издеп башка өлкөдөн да адамдар келип жатат. Ошондуктан кеткен элдин ордун ким басып жатат, жыл өткөн сайын өлкөдөгү демографиялык кырдаал, экономикалык абал кандай болуп өзгөрөт деген беймаза суроолор чыгууда. Кыргызстанды жакынкы он же жыйырма жылда күтүп турган тагдыр азыр депутаттарды ойго салып турган менен аны чечүүнүн жолдору мамлекет саясатында олуттуу түрдө карала элек.


"Азаттыктын" архивинен: Мигранттардын азап менен табылган акчасы


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG