Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Европада баш пааналаган чечендер өмүрлөрү үчүн кооптонушат


Соңку айларда чет өлкөлөрдө жүргөн бир нече чечен эмигранты киши колдуу болуп өлгөн. Европада баш пааналаган чечендер эми аларга да кезек жетет деп чочулап, өлтүрүүлөрдүн артында чечен президенти Рамзан Кадыров, балким, орус чалгынчылар менен кошо турат деп боолголошот.

Учурда Европада чеченстандык 130 миңдей киши баш калкалап жүрөт, анын ичинде мурдагы согушкерлер бар. Алар чечен диссиденттерин өлтүрүүгө орус тыңчыларынын тиешеси жокпу деген маселени козгошууда.

Чеченстандын мурдагы президенти маркум Аслан Масхадовдун уулу Анзор азыр Норвегияда жашайт.

Чеченстандагы жакындарым үчүн аябай камтама болуп атам. Аларга бир нече жолу кысым көргөзүлүп, коркутуп-үркүтүүгө кабылышкан.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы Андрей Бабицкийге берген маегинде Масхадов аны да күч менен мекенине кайтаруу аракети көрүлгөнүн айтат:

Бир жумача мурун туугандарыбыздын бири Чеченстанга кайтып барып, жакшы жашап жатыптыр деген кабар алдык. Бизге: “Чеченстанда жакыныдарыңар бар, аларды ойлойсуңарбы? - дешти. Кадыресе коркутуу болуп атат. Бул бир нече жолу кайталанды. Акыркы жолу үйгө кайтпасанар, силерге да жакындарыңарга да жаман болот деп түздөн түз опузалашты.

Бир нече күн мурун болсо YouTubeда пайда болгон видеотасмада бир адам Кадыров ага Европада жүргөн чечен эмигранттарын жок кылуу тапшырмасын бергенин баяндады. Өзүн Руслан Халидов деп атаган киши Норвегияда сүргүндө жашаган чечендердин лидери Магомед Ошерхажинин көзүн тазалоо буйругун алганын айтып берди. Анын аты жөнү жана айткандары чындыкка канчалык дал келээрин тастыктоо дээрлик мүмкүн эмес.

Тасма жарык көрөөрдүн алдында Стамбулда дагы бир чечендик киши атып өлтүрүлгөн. “Кавказ Эмираттары” үчүн күрөшкөн мужахед деп сүрөттөлгөн Муса Атаевди 26-февралда атып кетишкен. Ага чейин Стамбулда дагы 2 чечен киши колдуу болуп өлгөн.

Өткөн аптада түркиялык “Ватан” жана “Хүриет” гезиттери Түркиянын чалгындоо кызматы ал иштер боюнча тергөө баштаганын жазып чыгышты. “Азаттыктын” Түндүк Кавказ кызматынын кабарчысы Аслан Аюбовдун айтымында, ал кылмыштарга орус агенттеринин тиешеси бар деп шектелүүдө:

Бул абдан татаал операция. Аны жакшылап координациялап туруу зарыл. Чегараны өтүш керек, атайын паспорттор, жабдыктар талап кылынат. Чеченстандын москвачыл бийлиги аны өз алдынча ишке ашыра алаарына көзүм жетпейт.

Түрк маалымат каражаттары жазганына караганда, 3 жерде тең тапанчанын бир эле түрү колдонгон. 1970-жылдардын башынан бери андай чакан тапанча КГБнин кызматкерлерине берилчү.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллер Стамбулдагы окуяларга орус чалгынчыларынын тиешеси болушу мүмкүн, бирок аны Кадыров өз күчү менен жүргүзгөн да болушу ыктымал деп эсептейт:

Ошол кол салуулар менен Кадыров Москвага ыктымал тышкы жана ички коопту жок кылып турганын көргөзүүгө аракеттенүүдө.

Кадыров коркутуп-үркүтүүгө негизделген бийлигин бекем кармап тургандай көрүнөт. Айрымдар ал туткундарды ырайымсыз кыйноого жеке катышканын айтышат. Өткөн аптада болсо президент жергиликтүү 7 аялдын өлтүрүлүшүн актап чыкты. Аларды эркек туугандары “үй-бүлөө намысын сактап калуу үчүн” атып салышкан.


XS
SM
MD
LG