Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Орусияда журналисттер куралданууну чечишти


Анастасия Бабурова менен коштошуу

Анастасия Бабурова менен коштошуу

Орусияда “Новая газетанын” журналисттери курал алып жүрүүгө уруксат сурап, бийлик органдарына кайрылышты. Кийинки тогуз жыл ичинде орус өлкөсүндө 16 журналист киши колдуу болуп көз жумган. Алардын төртөө оппозициялык көз караштагы басылма болуп саналган «Новая газетанын» кызматкерлери.

(Анна Политковская)

Кесибине байланыштуу киши өлтүргүчтөр колунан курман болушкан журналисттер:
Игорь Домников, Юрий Щекочихин, Анна Политковская жана 19-январда атылган Анастасия Бабурова. Ошондон бери бир кылмышкер кармалып кесилген.



(Анастасия Бабурова)
Кремлден анча алыс эмес жерде Анастасия Бабурова киши колдуу болуп өлгөндөн кийин «Новая газетанын» журналисттери өз жандарын өздөрү коргоо үчүн бел байлашкан. ИТАР-ТАСС билдиргендей, алар ырасмий түрдө ФСБга кат жолдоп, ал жерде журналисттерге мындан ары жанына курал алып жүрү үчүн уруксат сурашкан.

Журналисттер жаатына маалым болгондой, Анна Политковская өз босогосунда атылганда бийликке оппозицияда жүргөн «Новая газетанын» баш редактору Дмитрий Муратов басылманы жабуу кебин козгогон. Бирок редакциянын коллективи андай сунушту ал жолу четке каккан.

Басылманын каражат жагын өз моюнуна алган экинин бири олигарх Александр Лебедев «Новая газетага» көрсөтүлүп аткан кысым үчүн бийликтин башка органдары сыңары ФСБ да жоопкердүү деп билдирди: “Аларга биз кат жолдодук, биз чындап эле курал алып жүрүүгө уруксат сурайбыз."

Газетанын жетекчилеринин бири Сергей Соколовдун айтымында, киши өлтүргүч огунан жан берген адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабурова улутчулдар ишин соттордо кароо боюнча чогуу иштеп келатышкан. Алардын бири жакында «Тесак», же жаш фашисттер кыймылы аталган топтун сотунда бирге болушкан. Ошондуктан жаш журналистин өлүмү кокусунан эмес.

Ал арада Мамдумага элдик дружиниктерди уюштуруу долбоору түшкөнү маалым болду. Алардын укугу милиция кызматкерлеринин укугуна теңелери жана алар күзөткө чыкканда жанына желим ок менен атчу тапанча алып жүрөрү дайын болууда. Ал долбоорду сунуштагандар келтирген мисалда аймактарда 36 миң элдик дружиник жана казак түзүлүштөр бар, алардын катары 380 миң кишиге жетет.

Андай демилгени биринчи кезекте (ДПНИ) мыйзамсыз иммигрантарга каршы чыгып аткан улутчул кыймыл менен фашистик маанайдагы жаштар колдоого алышкан.

Адам укугун коргоочулар болсо дружиниктерди уюштуруу менен бийлик жер-жерлерде козголоң чыкса алардын күчүн пайдаланган атат дешет. Жакында Ыраакы Чыгышта жергиликтүү милиция моюн толгоп, көчөгө чыккандарга жапырык салбай туруп алганда Владивостоктогу москвалык ОМОНду алып барып бастыртты. Анын сыңарындай Кремль улутчул жаштардын күчүн ошондой кагылыш иштерге пайдалангысы келип атат дешет.

Кайсы бир анализчилер баамында улутчул жаштар кыймылы болсо ушундай ыңгайлуу учурдан пайдаланып өз алдынча куралдуу топторду түзүүгө киришет.

23-январда маалым болгондой, эки бирдей кишини атып өлтүрүүнү иликтөө эмдигиче оң натыйжа берген эмес. Ал туурасында ордо калаанын милициясын жетектеген генерал Пронин айтат. Эки кишинин каны төгүлгөң жерден тапанчанын үч жезин табышканын айткан. Алардын экөө адвокат Маркеловду, бирөө Бабурованы желкеге аткан отктордун жездери болуп чыгышкан.

«Жолдун ар тоому, ар бир көчөгө милиция кое албайсың. Колдон келишинче кайтарып атабыз, жалпы шаардык бурч-бурчтардан карап сүрөткө тартып туручу системабыз бар. Бирок тартылып алынган сүрөт пайдасыз чыкты. Киши өлтүргүч бетин чүпүрөк менен жаап алгандыктан, ким экени билинбейт», - дейт Владимир Пронин.

Журналисттер жанына курал алып жүргөндөн деле майнап чыкпашын Олег Панфилов айтат:

«Кылмышкерлерден журналистерди коргоо мамлекеттин милдети. Дасыккан киши аткыч алдында журналист өзүн өзү коргой албайт».
XS
SM
MD
LG