Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Amnеsty: Орусияда адам укугу барган сайын оорлоодо


Орусияда мигранттардын башында кыйынчылык көп
Орусияда мигранттардын башында кыйынчылык көп

Amnesty International эл аралык уюмдун жыл сайын жарыяланчу докладынын бет ачары 28-май күнү Лондондо гана эмес, Москвада да өттү. Ага аталган уюмдун Орусия боюнча программасынын иликтөөчүсү Федерика Бер, ошондой эле Европа жана Борбордук Азия программаларынын жетекчиси Никола Дакворт катышышты. Amnesty International уюму ал жерде Орусиядагы адам укугун коргоо багытында жагдай киши корккудай абалга жеткенин белгиледи.

Москвада өткөн жыйында Amnesty International эл аралык мунапыс уюму Орусияда өнөкөт болгон башкача ойлогондорду кысымга алуу, расалык маанайда кол салуулар, сот системасынын эл аралык талапка татыбаган ишкердиги, ошондой эле Кавказдагы аягы көрүнбөгөн кан төгүшүү - көч башындагы кептер болгон. Каржылык жана экономикалык кризис кычап турганда буга окшогон терс көрүнүштөр адам укугу багытындагы ишкердикти артка түртүп салып атканы белгиленген.

Никола Дакворт айым жазаган докладдын алты бети Орусияга арналган. Анын бир жеринде: «бул жакка иш издеп кошуна өлкөлөрдөн келишкендер үчүн айрыкча оор абал түзүлгөн. Кандайдыр бир деңгээлде ал орусиялык бийликтин келгиндерди ашынган улутчулдар кол салуусунан коргоо үчүн чара көрбөшүнөн болуп атат» - делинет. Маалымдоо жыйыны үстүндө Дракворт айым үстүдө жылы эле Орусияда ашынган улутчулдар кол салуусунан 20 киши мерт болгонун жана такырбаштар колунан былтыр – 87 киши курман болушканын белгиледи.

Орусияда жарандардын ээн-эркин жыйын өткөрүү укугу бузулуп атканын эл аралык мунапыс уюму белгилейт. Оппозициялык топтор өткөргөнү аткан жыйындарды бийлик тыйып, өткөртпөй койгон учурлар аз эмес деп жазат. Ал эми оппозициялык өкүлдөр, журналисттер, адам укугун коргоочулар же юристтер коркутуп-үркүтүү, а кээде кол салууну баштарынан өткөрүшөт деп жазылган докладда.

Ал жерде президент Дмитрий Медведевге өлкөдө адам укугунун абалы оор экенин айгинелеген эскерме-меморандум ариби да жарыяланган.

«Президент Медведев келгенде адам укугун жана аны коргогондорду колдоого аларын убада берген. Бүгүн Орусияда адам укугун чыңдоо боюнча иштер аз, а кайсы бир өңүтүндө жагдай мурдагысынан оорлогон» - дейт Эл аралык мунапыс уюмдун Орусия боюнча эксперти Федерика Бер.

Орусиялык көптөгөн, алардын катарында жогорку кызматагылар эл аралык мунапыс уюмун Орусияга келгенде бейадилет карайт деп айыптап келишет.

Докладда сот ишинин кедеринен кетиши - ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский үстүнөн экинчи ирээт сот жүрүшү менен көрсөтүлөт. Адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабурованын быйыл январь айында атылышы, ошондой эле «Адам укугу үчүн» кыймылдын лидери Лев Пономаревду эшигинин алдынан уруп-сабоо мисалдары келтирилген.

Кавказдагы жагдай кепке алынган жеринде Ингушетия, Чеченстан жана Дагстан айтылып, Грозный бийлиги 2009-жылдан тарта террорчулукка каршы операциялар токтоду дегени менен кайсы бир райондордо кармаш уланып эле атканы айтылат.

Эл аралык мунапыс уюмунун Москвадагы өкүлү Сергей Никитин Би-Би-Сиге берген жообунда: «Биз 2007-жылы уурдалуучу кишилер эсеби азая баштады деп айткан элек. А азыр ал жактан (Түндүк Кавказдан - ММ) келген кабарда жикчилдерге качып кетти деп эсептелген кишилердин эне-аталары, там-таштары өрттөлүүчү болду» - дейт.

XS
SM
MD
LG