Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Жаңы патриарх ишке киришти


Патриарх Кирилл ишине расмий киришүү салтанатында, 1-февраль, 2009
Патриарх Кирилл ишине расмий киришүү салтанатында, 1-февраль, 2009

Смоленск жана Калининград митрополити Кирилл расмий түрдө Орусиянын ортодокс чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси болуп калды. Москванын Ыйык Ыйса чиркөөсүндөгү иш-чарада ал орус православ чиркөөсүнүн 16-патриархы деп аталды.

Жаңы патриархты расмий түрдө бүт диний каада-салттары менен кабыл алуу иш-чарасы өттү. Ошентип, буга чейинки митрополит Кирилл өткөн жылдын декабрында көзү өткөн Алексий экинчинин оордун басты.

Эки митрополит жаңы патриархты колдоруна алып, аны патриархтын отургучуна үч ирет отургузушту. Бул салт учурунда архиерейлер “Аксиос!” деп грекче “татыктуу!” деп кыйкырып турушат. Жаңы патриархты атайын тигилген ак чапанга ороп, башына патриархтын баш кийимин кийгизишет.

Бул чоң салтанат улуттук сыналгы каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү. Ага орус президенти Дмитрий Медведев, премьер-министр Владимир Путин жана бир топ өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле постсоветтик мамлекеттерден расмий өкүлдөр катышышты.

Смоленск жана Калининград митрополити Кирилл өткөн шейшембиде, 27-январда, шайлоодо жаңы патриарх катары тандалган. Анын талапкердигин делегаттардын 70% колдогон.

Бул патриархтын тандалышынын өзгөчө бир мааниси – ал Советтер Союзу 1991-жылы таркагандан бери алгачкы ирет өтүп жатат. СССР кулагандан бери орус ортодокс чиркөөсү расмий бийлик менен тыгыз мамиледе болуп, бул өзгөчө акыркы жылдарда, мамлекетти азыр премьер-министр Владимир Путин башкарып турганда сезилгендей болгон.

Жаңы патриарх, 62 жаштагы Кирилл эми Кремлден көзкарандысыздыкка аракет кылат деп күтүлүүдө.

Кирилл эми католиктер менен да мамилени жакшыртууга аракет жасалат деп айтылат. Христиандардын бул эки бутагы – православдар менен католиктердин – мамилеси 1054-жылы бузулган. Ошондон бери бир нече кылымдар бою бул эки чиркөөнүн мамилесинде чыңалуу болуп келди.

Жаңы патриарх катары Кириллдин тандалганын Рим папасы Бенедикт 16-да да жылуу кабыл алганын билдирди.

Патриарх Кирилл жалпы православ коомчулугуна жакшы эле белгилүү. Ал 1994-жылдан бери апталык «Пастырдын сөзү» аттуу программаны алып барып келет, акыркы 20 жылдан бери Москва патриархиясынын тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген.

Орус ортодокс чиркөөсү дүйнөдөгү эң ири чиркөөлөрдөн, анын 160 млн.жактоочусу бар деп айтылат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG