Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Орусияда 21-февралда бир нече шаарларда нааразылык акциялары өттү. Архангельск менен Липецкиде турак жай акысынын кымбатташына нааразы болгондор, ал эми Москвада «Речник» кыштакчасын буздурууга нааразы болгондор чыгышты.

Базар күнү Архангельск шаарында көчөгө чыккандар эсебин бир агенттик эки миңден ашат десе экинчиси бир жарым миңге жетти деп белгиледи.

Эмнеси болсо да январь айында Калининград шаарынын эли көчөгө чыккан акцияга окшогон миңдеген кишилер катышканы оозго алынууда. Бул экинчи жолку мынча көп кишинин бийликтен коркпой-этпей көчөгө чыгуусу болгонун белгилешүүдө. Алардын башкы талабы баанын кымбатташын оздуктоого арналган. Маселен, алар көтөргөн чакырыкта: «ЖКХ баасын 2009-жылдын деңгээлине түшүрүү!» болгон.

Эл алдында сөз сүйлөгөн Архангельск шаарынын мурдагы мэри Александр Донской:

«Бийлик мыйзамга дал келбеген жол менен тарифтерди кымбаттатууда. Аны бийлик менен монополисттер сүйлөшүп алып жазап атышат. Чиновниктер бүжеттин акчасын уурдашууда. Биз аны көрүп турабыз. Тилекке каршы аны билдирүү жангыз гана көчөгө чыгуу жолу менен болууда, башка жол жок» - деди.

Калининграддагы көчөгө чыгууга экинчи окшоштук – бул жолу да мен оппозициямын дегендер биригип чыгышты. Коммунисттерден тышкары ал жерде либералдык партия «Яблоко», ЛДПР, «Тилектештик» кыймылы жана Элдик-демократиялык союз партиясынын өкүлдөрү болушкан.

Эл алдында сүйлөгөн либералдар өкүлү Илья Яшин:

«Демократтар сыңары коммунистердин жана башка саясый уюмдардын баары үчүн сыналгыга болсун, шайлоого катышуу болсун бирдей укугу болууга тийиш» - дейт.

Липецк шаарында өткөн митингде өкүмөт башчы Владимир Путинди айыпташып, өлкөнү 90-жылдары пайда болгон аброюнан ажыратты деп айтышкан. Ал эми Архангельскидеги митингде жергиликтүү коммунисттер лидери Александр Новиков өлкөдө көндүм ооруга айланган паракорчулукту сындаган:

«Бул паракорчулук үчүн ким төлөш керек? Силер менен биз төлөшүбүз керекпи? Жо-ок!»

Базар күнү ошондой эле Нижний Новгород, Москва, Псков, Самара, Казан, Ижевски шаарларда да митингдер өттү. Бирок алар койгон талаптар ар башка болгон. Маселен, баш калаада – Сталиндин сүрөттөрүн көчөгө илдирүүгө каршы, Казанда – аскер кызматындагылар пенсиясын көбөйтүү боюнча, ал эми Ижевскиде – Байкал көлүнүн тазалыгын сактоо боюнча чакырыктар астында өткөн.

21-февралда өткөн митингдерге бул жолу милиция эч кандай тоскоолдук жасаган эмес.
XS
SM
MD
LG