Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

Конгрессте Буштун мезгилиндеги сурак саясаты талкууланууда


АКШнын баш прокурору Эрик Холдер кыйноолор үчүн ага буйрук бергендерге каршы кылмыш ишин козгойбу, же кыйноону ишке ашыргандар гана жооп берген бойдон калабы?

АКШнын баш прокурору Эрик Холдер кыйноолор үчүн ага буйрук бергендерге каршы кылмыш ишин козгойбу, же кыйноону ишке ашыргандар гана жооп берген бойдон калабы?

АКШ Сенатынын комиссиясында 13-май шаршембиде мурдагы президент Жорж Буштун мезгилиндеги сууга тумчуктуруу сыяктуу катаң сурак методдоруна жол берген саясат боюнча угуулар башталды. Президент Барак Обаманын Демпартиясынын мүчөлөрүнүн айтымында, бул жана кийинки угууларда мындай сурак ыкмаларын колдонуу катачылык болду беле, андан өлкө кандай жыйынтык чыгарышы керек деген суроолорго жооп изделмекчи.

Угуулар башталганда, демократ сенатор Патрик Лиихи талкуунун максаты бирөөлөрдү күнөөлөө эмес, кеткен кемчиликтен сабак алуу экендигин баса белгиледи:

– Мен Американын жараны болгонума сыймыктанам, мени шайлаган Вермонт штатынын бардык тургундары америкалык болгонуна сыймыктанышат деп ойлойм. Мен биздин өлкөнүн тарыхына, биздин өлкө мыйзамдуулукту сактаган мезгилдерге сыймыктанам. Мен ошондой эле Америка Кошмо Штаттары ката кетирсе, катачылыгын мойнуна алгандан коркпостон, аны кайталабоого милдеттенме алган өлкө экендигине да сыймыктанам. Ушул себептен биз азыркы угууну өткөрүп жатабыз. Ушул себептен кандай ката кетирилгенин, алардан биз кандай жыйынтык чыгарып жатканыбызды билүүгө Американын эли укуктуу.

Комитеттин алдында күбө түшкөндөрдүн бири - мурдагы федералдык тергөөчү Али Суфан болду. Ал өз тажрыйбасынан улам сурак канчалык катаң болсо, суралгандар ошончолук көгөрүп, суроолорго жооп бербей тургандыгын баяндады. Бул киши элге таанылбашы үчүн көшөгөнүн артынан сүйлөдү.

Дагы бир демократ Шелдон Уайтхаус АКШнын Аба күчтөрүнүн тергөөчүсүнүн көрсөтмөсүн окуп берди:

– Тергөөчүлөр күчкө салуу деп саноого боло турган катаң ыкмаларды колдонгон ар бир жолу мындай ыкмалар кармалгандардын чечкиндүүлүгүн гана күч алдырып, алардын суракка каршыгуусун бекемдей тургандыгын мен тажрыйбаман билем. Күч колдонууга жана кыйноого каршы экинчи прагматикалык аргументти - мындай мыйзамсыз ыкмаларга уруксат берген жана колдогон биздин саясатыбызды Ал-Каида чет элдик согушкерлерди өз катарына тартуу үчүн пайдаланды. Мен Ирактагы суракка алууларды көзөмөлдөгөндө, чет элдик согушкерлердин көбү Иракка согушканы келишинин себеби катары Ирактагы Абу-Грейб түрмөсүндөгү жана Кубадагы Гуантанамо камак борборундагы кыйноолорду аташчу.

Билдирүү жасаган дагы бир күбө мурдагы мамкатчы Кондолиза Райстын улук кеңешчиси Филип Зеликов болду. Райстын кеңсесиндеги сурак ыкмалары боюнча талкууларда Зеликов адамды тактайга таңып туруп, сууга салуу сыяктуу сурак ыкмалары мыйзамсыз деп талашкан экен. Бирок Сенаттагы угууда Зеликов бул ыкмалар тууралуу ким эмне деп ойлобосун, аларды колдогондор мекендештеринин кызыкчылыгын биринчи орунга койгондор болчу деп ырастады.

Мындай ырастоого кошулуп, Виржиния университетинде улуттук коопсуздук мыйзамдарын окуткан Роберт Турнер катаң сурак ыкмаларын Экинчи Дүйнөлүк согуштун мезгилинде президент Рузвелттин жүз миңдеген теги жапон америкалыктарды камакка алдырышына салыштырды. Ал саясат бүгүн АКШнын тарыхындагы кара так деп саналат:

– Айрымдар жакшы киши жамандыкка барбайт деп ойлойт. Андай деп ойлогондорго мен Президент Франклин Рузвелт 1942-жылдын 19-февралында кылдай күнөөсү далилденбеген 100 миңден ашык америкалык атуулду себепсиз, соттун өкүмүсүз кармап, камоого буйрук бергенин эскертким келет. Ал кармалгандардын көбү ушул өлкөдө туулган, Жапонияда эч качан болбогон америкалык жарандар болчу. Алардын болгон күнөөсү - ата-теги жапон болгондугунда эле.

Угууларда демократтардын бул маселени көтөрүшүн айыптагандар да болду. Республикачы сенатор Линдсей Граам талкууну «саясий алабармандык» деп сындады. Ал комитетти башкарган демократтарды саясий кызыкчылыктар үчүн сыймыктуу адамдарга күнөө артууну көздөп жатышат деп айыптады.
XS
SM
MD
LG