Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

"Талибан" Трампты АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгарууга үндөдү


АКШнын жаңы коргоо министри Жеймс Мэттистин Ооганстандагы учуру
АКШнын жаңы коргоо министри Жеймс Мэттистин Ооганстандагы учуру

“Талибан” кыймылы АКШ президенти Дональд Трампты аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүгө чакырды. Кыймыл америкалык аскерлер турган акыркы 15 жылда өлкөдө бузуп-талкалоо менен өлүмдөн башка натыйжа болгон жок деп билдирүүдө.

Трамп мурда-кийин Ооганстан боюнча турумун билдирген эмес, бирок, бул өлкөдө америкалык аскерлердин болушун кубаттайт. Жада калса Ооганстан боюнча тажрыйбалуу эки генералды коопсуздук боюнча жетекчи кызматтарга дайындаган.

“Талибан” мурда да бир нече жолу америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышын талап кылган жана чет өлкөлүк аскерий күчтөр кетмейин расмий Кабул менен тынч сүйлөшүүлөргө барбасын билдирип келет.

НАТО “Аль-Каида” террордук уюмун жок кылуу үчүн 2001-жылы Ооганстанга кирген. Ушу тапта аталган коалициянын курамында, ооган жериндеги америкалык аскерлердин саны 8400гө кыскарды.

2014-жылы коалициянын негизги миссиясы аяктагандан бери “Талибан” аракетин күчөтүп, өкмөткө каршы бир топ чабуулдарды жасаган. Азыр расмий ооган бийлиги өлкөнүн үчтөн экисин көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG