Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Вашингтон Сэулду колдоду


Түштүк Корея чек араларды бойлото үн күчөткүчтөрдү орнотуп, түндүк тараптагы кыймылга байкоо салып, калпыс кадамдардан эскертип турмай болду.
Түштүк Корея чек араларды бойлото үн күчөткүчтөрдү орнотуп, түндүк тараптагы кыймылга байкоо салып, калпыс кадамдардан эскертип турмай болду.

Түштүк Корея түндүктөгү коңшусу менен соода-сатык мамилесин жана деңиздеги карым-катнаштарын токтотту. Мындан тышкары Пхеняндын маселесин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине койгону жатат. Ырасмий Сэулдун бул кадамдарына Вашингтон колдоо билдирди.

Түштүк кореялыктардын Сары деңиздеги аскерий "Чхонан" кемесин быйыл мартта түндүк кореялыктар жардырганын жакында эл аралык эксперттер тобу аныктаган эле. Буга байланыштуу ырасмий Сэул Пхенян менен бир катар чөйрөлөрдө, алардын ичинде соода-сатык, деңиздеги карым-катнаш тармактарындагы кызматташтыгын токтотту.

"Бүгүнтөн тартып Корей республикасы Түндүк Кореянын тукурукчул бардык аракеттерине чыдай албайт жана ооздуктоо принцибине өтөт. Эгер биздин деңиздеги тилкелердин, аба мейкиндигинин же территориябыздын коопсуздугу бузула турган болсо, токтоосуз түрдө коргонуу чараларын көрөбүз",-деп билдирди Сэулда президент Ли Мен Бак.

Ырасмий Сэул ошондой эле Пхеняндын маселесин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине койгону жатат. Президент Ли марттагы кыянатчылыгы үчүн Түндүк Корея жазаланышы керек деп эсептейт.

Түштүк Кореянын бул кадамдарына АКШ толук колдоо билдирди. Сэулдун Пхенянга койгон айыптарын Вашингтон "туура жана калыс" деп атады, кабыл алынган чараларды "тең барабар кадам" катары баалады. Президент Барак Обама АКШнын Түндүк Корея боюнча бир катар чөйрөлөрдөгү мамилелерин кайра карап чыкканга, аскерий жетекчиликке түштүк кореялыктардын командачылыгы менен Пхеняндын мындан аркы агрессияларынан коргонуу жолдорун макулдашканга көрсөтмө берди.

Жакынкы аралыкта Сары деңизде Корея республикасы менен АКШнын биргелешкен аскерий машыгуулары пландалып жатканын Сэулда коргоо министри Ким Тхе Ен ырастады.

Кытайда сапарда жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ырасмий Пекинди Түндүк Кореяны ооздуктоо боюнча чараларды колдоого чакырды. "Корей элдик демократиялык республикасы атом бомбасын сынаганда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши аркылуу резолюция кабыл алууда биргелешип иштеген элек, - деп эске салды Клинтон кытай жетекчилерине. - Бүгүн түштүк кореялыктардын деңиз кемесине байланыштуу жаңы коркунуч жаралды. Демек, биз Корей жарым аралында стабилдүүлүккө жетишүү үчүн кайра биргелешип иштешибиз керек".

Пхенян болсо жаңы санкцияларга "толук масштабдуу согуш менен жооп бергенге даяр экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG