Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Шымчан кыз шарият мыйзамы менен күрөшөт


Журналист Лунда Ахмед Хуссейн, 13-июл, 2009-жыл
Журналист Лунда Ахмед Хуссейн, 13-июл, 2009-жыл

Суданда шым кийгени үчүн 40 балакка кесилген аял эми кийим кийип жүрүүнүн катаң мыйзамын күчүнөн кетирүү үчүн күрөшмөкчү.

Бул окуяга айрыкча көңүл бурулуп жаткандыгынын дагы бир себеби, Лубна Хусейиндин сотуна Судандагы аны менен кесиптеш чет элдик журналисттер, Бириккен Улуттар уюмунун миссиясында өзү менен иштеген кесиптештери келип, маселе эл аралык резонанс жаратууда.

Бүгүнкү күндүн модасы кийим кийүүнүн исламдык түшүнүгүнө кайчы келген учурлар көп өлкөлөрдө кездешет. Бирок Суданда мындай күрөш мурда-кийин болуп көргөн эмес. Анткени, бул өлкөдө дүйнөдөгү эң катаң шарият мыйзамдары орногон жана ал мыйзамдарга шек келтирүүгө даагандар жокко эсе. Түндүк-чыгыш африкалык өлкөнүн араб мусулмандары жыш отурукташкан түндүгүндө аялдар узун көйнөк кийип, башын, мойнун жапкан жоолук оронуп жүрүшөт.

Мына ушул шартта бир аялдын өлкөнүн адептүүлүк мыйзамын күчүнөн кетирүү үчүн күрөшкө бел байлаганы көпчүлүктүн көңүлүн бурдурууда.

Журналист Лубна Хуссейн кийген жашыл түстөгү шым кадимки эле жумшак кездемеден тигилген кең багалек шым. Бирок анын айынан журналист эл алдында балакталып, жазаланганы калды.

Бирок ал өзүн балактоо тууралуу сот чечимин гана күчүнөн кетирбестен, ал чечимге негиз берген мыйзамдын өзүн жоюга катуу турат. Сотко ал камакка алынганда кийип жүргөн жашыл түстөгү шымчан келди, ал кирип келгенде, залга толгон эл уу-дуу козголо түштү. Чогулгандардын көбү Хусейндин чакыруусу менен келгендер болду. Анын бир нече курдашы да шымчан келишиптир.

- Бул чечим 2005-жылы кабыл алынган конституцияга кайчы келет. Мыйзамдын өзү конституцияда камтылган адам укуктары хартиясына кайчы. Мен ошондой эле мусулман катары бул мыйзамдын 152-беренеси шарияттын мыйзамдарына каршы экендигин айта алам, деп билдирди журналист чет элдик кабарчыларга.

Азыр Бириккен Улуттар уюмунун Судандын баш калаасы Хартумдагы маалымат бөлүмүндө иштеген Хусейн сот бүткөнчөктү соттон коргоочу бул кызматынан да кетүүнү чечти.

- Биз сотко түшүндүрдүк. Лубна бул иштин сотто каралышын каалайт, ошондуктан ал БУУдагы ишине байланышкан кол тийбестик сотко тоскоол болбошу керек деп чечти, - деп билдирди Хусейндин адвокаты Хабил Адиб.

Хусеин журналисттер менен чет элдиктер көп каттаган ресторанда шым кийип жүргөнү үчүн ушул айда камакка алынган эле. Аны менен кошо өзүнө окшоп жоолукчан бирок шым кийген кыз-келин абакка түшкөн. Алардын ону күнөөсүн мойнуна алгандан кийин, ар бири полиция бекетинде 40 жолудан балакталып, 120 доллардан айып төлөштү. Калган үчөөнүн иши сотко жетти.

Бириккен улуттардын өзүндө Хусейндин иши көпчүлүктү толкунданткан окуя болуп калды. Уюмдун баш катчысы Бан Ки Мун кабарчыларга «терең тынчсыздануусун» билдирип, балактоону «адам укуктарынын эл аралык стандартын бузуу» деп айыптады.

Бир ууч аялдын чечкиндүүлүгү системаны өзгөртө алабы, ким билет? Бирок келерки айда Лунда Хусейн кайра сот алдына келгенде, анын иши сот залында да, дүйнөдө да азыркыдан да көп кишинин көңүлүн бураары шексиз.

XS
SM
MD
LG