Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Москва менен Тбилиси ортосуна “кайдан атылганы белгисиз ок”


Куралчан аскерлер Грузиянын президенти М.Саакашвили менен Польшанын президенти Л.Качинскини Түштүк Осетия менен чектеш жерде коргоп баратышат

Куралчан аскерлер Грузиянын президенти М.Саакашвили менен Польшанын президенти Л.Качинскини Түштүк Осетия менен чектеш жерде коргоп баратышат

Жекшембиде, Грузия “Роза ыңкылабынын” беш жылдыгын белгилеп жаткан кезде, Тбилиси менен Москва ортосунда дагы араздашуу чыкты. “Грузин президенти Михаил Саакашвили Польшанын президенти Лех Качински менен Түштүк Осетияга жакын жерде баратышканда алардын машинелерин орус аскерлери аткылашты” деген айыптоолор айтылды. Орусия бул айыптоолорду четке кагууда.

Грузин президенти Михаил Саакашвилинин айтымында, алар Лех Качински менен Түштүк Осетиянын чек-арасынан алыс эмес жерде баратышканда орус аскерлери ок чыгарышкан. Бул тууралуу грузин лидери ошол эле күнү кечинде Тбилисидеги маалымат жыйынында билдирди. “Биз 21-кылымда басып алуучулар кантип Грузиянын жеринин так ортосуна кирип алышканын көрдүк. Алар мени менен коногубузду көрүп, анча деле сүйүнө беришпеди окшойт”, - деп какшыктады М.Саакашвили.

Качински болсо ок кайсыл тарапка атылганын жакшы түшүнбөй калдым дейт. Бирок эларалык коомчулукту баары бир чара көрүүгө чакырды. “Албетте, мунун баары алты тараптуу план иштеп жатат деген өңдүү билдирүүлөрдүн баары жалган экенин далилдейт. Мен Евробиримдикти, АКШны, жана Евробиримдикке кирбеген НАТОнун башка мүчөлөрүн кеч болуп кала электе болгон окуяны түшүнүп, тийиштүү жыйынтык чыгарууга чакырам”, - деди Лех Качински.

Жекшембидеги окуядан эч ким жабыркаган жок. Бирок ал Москва менен Тбилиси ортосундагы араздашууну андан бетер күчөткөнсүдү. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров ал окуяга Орусиянын эч кандай тийиштиги жок экенин айтып, грузин тараптын билдирүүлөрүн Орусия менен анын Түштүк Осетиялык союздаштарын атайылап жаманатты кылыш үчүн жасалган “бузукулук” деп атады.

Перуда расмий сапар менен жүргөн Лавров: “Жекшембидегидей окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Көбүнчө Грузия өзү эле ар нерселерди ойлоп чыгара берет да, кийин Орусияны жамандайт. Польшанын президентин чакырып алып, аны Түштүк Осетия менен чектеш жерлерге машине менен кыдыртып жүргөндүн өзү куткулоочулук эмей эмне?”, - деди С.Лавров.

Ок атылган аймак Акхалгори деп аталат жана Орусия менен августта болгон согушка чейин Грузиянын көзөмөлүндө болчу. Расмий Тбилиси азыр ал жерде орус жана түштүк осетиялык аскерлердин турушу Франциянын ортомчулугу менен кабыл алынган келишимди бузат деп билдирүүдө. Анткени атышууларды токтотуу боюнча эки жак кол койгон ал документке ылайык, конфликттеги баардык тараптар согушка чейин ээлеген аймактарына кайтышы керек эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG